Абдыкерим Сыдыков: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with " Батырбаева Ш.Дж., Турсунова Э. Абдыкерим Сыдыков 1889-жылы азыркы Аламүдүн районундагы Башкарасуу ..."
 
No edit summary
1-сап:
 
Батырбаева Ш.Дж., Турсунова Э.
 
Line 10 ⟶ 9:
З.Курманов “А. Сыдыков” Бишкек; 2002
А.Сыдыков “Родовое деление кыргыз” Ташкент; 1927
 
 
 
Абдыкерим Сыдыков- улуттун лидери.
Кыргызстан учун 20 кылымдын алгачкы он жылдыктары тагдыр аныктаган башталыш менен негизденип, мамлекетибиздин кайра жаралуу башаты жаны куч кубат алды. 1917-жылдагы Октябрь революциясы кыргыздар кылымдар бою энсеп келген-оздорунун мамлекеттин тузуу мункунчулугун ачыты. 20-30 жылдардын башында саясий турмуш сахнасына тубаса талантуу, келечекти кенири ойлонгон оз заманынын лидери инсандар чыгышкан. Оз элине жаштык жалын жана шыктануу менен кызмат кылышкан мамлекеттик ишмерлердин , эн бир мыкты билимдуу инсандардын ичинен улуттук лидер, даназалуу инсан Абдыкерим Сыдыков болгон.
Данктуу лидердин омур жолу
Абдыкерим Сыдыков 1889-жылы Чуй ороонундогу Башкара-Суу айылында солто уруусунан чыккан манаптын уй-булосундо жарык дуйного келген. Ата-энеси бай адамдар болгондуктан алгач мусулман мектепте билим жана тарбия алган. Андан кийин ошол мезгилдеги эн элиталык деп саналган Верный (азыркы Алмата) шаарындагы балдар гимназиясында 1904-1911 жылдары билимин оркундоткон.
1913-жылдан баштап Пишпек уездинин башкармалыгында котормочу болуп эмгек жолун баштаган. Февраль революциясынан кийинки коомдун саясаттаануусу Орто Азияда социал-демократиялык багыттагы ар кандай партиялардын пайда болуусуна жол ачкан. Алардын бири «Алаш» кыргыз-казак партиясы болгон. Эрте сабатуулугу ачылып, кыргыз интеллегенциясынын алдынкы сабында турган билимдуу Абдыкерим коомдук саясий иштен четте калбады. Замандаштaары И.Айдарбеков, К.Тыныстанов, И.Арабаев жана башкалар менен «Алаш» партиясынын Кыргызстандагы жергиликтуу уюмун тузуп анын башында турган.
Бул мезгилде Абдыкерим Сыдыков саясий ишмер катары калптанып, келечекте кыргыз мамлекетуулугун тузууго белсенип киришине чон тажыйрба топтогон.
 
 
Тоолуу Кыргыз областын тузуу идеясы.
Октябрь революциясы Орто Азия элдеринин улуттук мамлекет тузуусуно оболго тузду. Саясий жактан бир кыйла жетилген 28 жаш курактагы Абдыкерим революциянын негизинде тузулгон большевиктер партиясынын келечегин коро билип ан-сезимдуу турдо бул партияга мучолукко откон. Турмуштук тажыйрбага бай, билимдуу саясий жактан каныккан инсан катары тез эле козго илинип советтик жетекчилик аны эн ишенимдуу адамы катары жооптуу кызматка которот. Абдыкерим Сыдыков Жети-Суу обкомунун уюштуруу болумунун башчысы болуп бекитилип, бул кызматта 1920- жылга чейин иштеген. Дал ушул мезгилде Жети-Суу обкомунда кыргыздардын саны басымдуу боло баштагандыктан кыргыздардын улуттук мамлекети катары Тоолуу Кыргыз областын тузуу жонундо идея пайда болот.
Саясий лидер катары 1921-жылы Алматыда болгон кенешмеде биринчи жолу Туркстан АССРинин курамында Тоолуу Кыргыз областын тузуу маселесин которуп чыккан. Бирок бул ошол мезгилде колдоого алынган эмес. Эч нерседен кайра тартпаган ожорлугу, оз эли учун оттой жанган кайратмандыгы анын оз алдынча кыргыз мамлекетуулугунун тузулушуно белсенип киришине туртку болду.
1922-жылдын мартында Советтердин Буткул Туркстандык 13- сьездинде А.Сыдыков кайтадан Тоолуу Кыргыз областын тузуу жонундогу маселени коюп, оз сунушун колдоого алынышына жетишти. 1922-жылы 25-мартта Туркстан Республикасынын курамында Тоолуу Кыргыз областын тузуу жонундо чечим чыгарылган. Анда Пишпек, Каракол,Нарын уездери жана Олуяата уездинин тоолуу болугу кирген, борбору Кочкор кыштагы болгон Тоолуу Кыргыз областын тузуу анын уюштуруу комиссиясынын торагасы болуп Абдыкерим Сыдыков бекитилгендиги каралган. Ошентип кыргыздар жашаган аймактын бир болугундо бирдиктуу, оз алдынча улуттук автономиялуу мамлекетуулугун тузуу учун реалдуу мункунчулуктор ачылат.
 
 
Ишке ашпай калган идея
Алгачкы мамлекетуулукту тузуунун журушундо эле улуттук муноздогу эки топ пайда болуп, алардын ортосунда талаш тартыштар болду. Ташкендеги жана Алматадагы казак улутундагы жетекчилер колдогон Р. Кудайкулов жетектеген топ Тоолуу Кыргыз областын тузууго каршы турган. Бирок Кыргыз автономиясы туралуу идеяны токтотууга мумкун эмес эле. А.Сыдыков ж.б. корунуктуу инсандар майтарылгыз эрк менен оздорунун ишин алдыга суро беришти. 1922-жылы 4-июнда Пишпекте партиянын Жети-Суу обкомунун уюштуруу сьезди чакырылып, ага 425 делегат катышкан. Ошентип Пишпекте «Туркстан Республикасынын курамында оз алдынча Тоолуу областы тузуу боюнча кара-кыргыз элинин эмгекчилеринин бул аймактагы улуттук азчылыктардын окулдорунун катышуусундагы биринчи тарыхый даярдоочу сьезди» салтанаттуу ачылды. Бул А.Сыдыковдун саясий таржымалындагы чечуучу учур болгон. Бирок чыгымчылдардын айынан сьездин жыйынтыгы чыкпай калды. Сталиндин туздон туз корсотмосу менен сьезд таркатылып аны уюштуруучулар буржуазиялык улутчулдар деген куноо тагылды. Ошондой болсо да бул алгачкы аракет текке кеткен жок, акыры 1924-жылы 14-октябрда Кара-Кыргыз автономиялуу областы тузулду. Албетте мында А.Сыдыковдун барандуу салымы бар экендиги талашсыз.
Коро албаган чыгымчылдардын аркасында А.Сыдыков 1922-1924-жылдардын аралыгында уч жолу партиядан чыгарылып, бирок кайтадан калыбына келтирилген. Бул анын эркин жана оз элине болгон суйуусун майтара алган эмес.
«Отузчулардын» каты
Чындыкты тайманбай айткан, коомдогу болуп жаткан иштерге, саясий ишмер катары терен анализ бере билген Абдыкерим Сыдыковдун кийинки тагдыры «Отузчулардын» каты менен байланыштуу болду. 1925-жылы Кыргызстандагы мамлекеттик кайра тузуу боюнча жургузулгон иш чараларды талдоо менен 30 партиялык жана советтик кызматкерлер жогору жакка кат менен кайрылган. Катта партиялык жетекчиликтин иши, анын советтик жетекчиликтин ишине кийлигишууго аракеттенуусу жонундогу жагдайлар сынга алынган. «Отузчулардын» башчысы А.Сыдыков эле. Жогору жактан кат терен анализге алынбастан эле улутчул деген муноздо бааланды. Ошол эле жылы «отузчулардын» башчылары партиядан чыгарылып, жетекчилик кызматтардан алынган.
А.Сыдыковдун окумуштуулугу жана трагедиялуу омуру
Жогорудагы окуялардан кийин А.Сыдыков мамлекеттик кызматтан четтеп, окутуучулук ишмердуулукко отот. 1926-жылы Ортоазия университетинин айыл чарба факультетинде окутуучу болуп иштейт. Кийин Ортоазиялык пахтакерлик институнун суу чарба факултетинин деканынын орун басары кызматына которулгон.
Бул мезгилдерден баштап Абдыкерим Сыдыков мамлекеттик кана ишмер эмес озунун окумуштуулук талантын да корсото алды. Ал бир нече илимий эмгектердин автору болуп чыга келди. 1926-жылы «Кыргыз элинин онугушунун…………………………….» , 1927-жылы «Кыргыздардын уруулук болунушу» андан тышкары 1930-жылдары «Кочмон калктардагы малды кармоону уюштуруу» , «Борбордук Азиядагы жут жана тоюттун жетишсиздиги жонундо. Тарыхый муноздомо» деген эмгектерин жараткан.
1932-жылы илимий жана саясий ишмердуулгунун натыйжасында Кыргыз АССРинин Мамлекеттик пландоо комитетинин торагасынын орун басары болуп дайындалат. Эли жери учун шымаланып ишке киришкен А.Сыдыковду бир жылдан кийин Социал-Туран деп аталган партиянын тузууго аракет кылган деген айып тагышып турмого камашкан. Тоталитардык машинанын кандуу репрессиясынын чырмоогуна кабылган Абдыкерим Сыдыковко жалган жалаа жабылып 1938-жылы олум жасасына тартылган.
Улуу инсан, алдынкы лидер Абдыкерим Сыдыков кыргыз мамлекетин тузуу жана чындоого талбай аракет жасап, озун кутуп турган коркунучту билсе да атуулдук туруктуулукту корсотту.
Бугунку эгемендуу мамлекетибиздин жаралышына зор салымы бар А.Сыдыков «алгачкы жол салуучулардын» бири катары курман болду. Бирок анын таза жана жаркын ысымы калыбына келтирилип, азыркы муундун улуу идеяалына айланды.