Колхоз: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
17-сап:
 
Колхоз мүчөсүн "колхозчу" деп аташкан. Алар колхоз жалпы алган түшүмдүн жана башка кирешенин кайсы-бир үлүшүн акчалай жана башка түрдө эмгек акы катары алышкан, мында алардын канча күн же саат иштегени да эсептелген. Ал эми совхоз жумушчулары болсо так белгиленген жалыйна алып турушчу.
 
[[File:Пам.Шевченко Колхозник крупно.JPG|thumb|200px|||Акын Тарас Шевченконун эстелигиндеги украин колхозчусунун бейнеси. Харьков шаары.]]
 
Иш жүзүндө көптөгөн жакыр колхоздор өз мүчөлөрүнө жарытылуу эмгек акы төлөй алган эмес.
 
1946-жылы колхоздордун 30 пайыздайы өз мүчөлөрүнө накталай акча төлөп бере алган эмес. Колхоздордун 73 пайыздайы колхозчуга ар иш күнү үчүн болгону 500 грамм эгин гана төлөй алган.
 
Мамлекет болсо колхоздордун түшүмүн так белгиленген баа менен гана сатып алып турган. Түшүмдүн наркы өтө төмөн бааланган. Ал эми мамлекет кайра кардарларга айыл чарба азыктарын өтө кымбат саткандыктан, ортодогу айырмадан чыккан киреше Совет өкмөтүнүн негизги киреше булагына айланган.
Маселен, өкмөт 1948-жылы 100 кг кара буудайды кардарларга 335 сомго саткан, бирок ушул эле көлөмдөгү кара буудай үчүн совет өкмөтү колхозго 8 сом гана төлөгөн.
Line 24 ⟶ 29:
 
Колхоз мүчөсүнүн өздүк чакан жер тилкеси жана анча-мынча жандыгы болгон. Жекече жер тилкеси болжол менен ар колхозчуга 0,4 гектар көлөмүндө берилген. Ал эми 1917-жылкы Октябр төңкөрүшүнө чейин дыйкан бери дегенде 5 жарым гектар жерге ээ болгон.
Колхозго кайтарылган кирешенин аздыгы колхозчулардын эмгек өндүрүмдүүлүгүнө терс таасир тийгизген.
 
==Кыргызстанда колхоздордун жоюлушу==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Колхоз" булагынан алынды