Difference between revisions of "Таттыбүбү Турсунбаева"

no edit summary
#REDIRECT [[Турсунбаева, Таттыбүбү]]
'''Сахна Ханышасы'''<ref>Бул макала Бакытбек Токубек уулунун "Кыргыз тилин үйрөнүңүз - Эл жана маданият менен байланышта болуңуз" деген чет элдер үчүн китебинен алынды</ref>
Таттыбүбү Турсунбаева Кыргызстандын эң кадырлуу жана белгилүү актрисасы болгон. Анын сулуулугу көп адамдарды суктандырган. Кимден гана сурабаңыз, Таттыбүбү Турсунбаева абдан сулуу адам болгон дешет. Аны Кыргызстанда адамдар «сахнанын ханышасы» деп айтышат. Таттыбүбү Турсунбаева кыргыздын көп кинолоруна катышып, кызыктуу каармандарды жараткан. Ал «Ак Мөөр», «Уркуя» жана «Кызыл алма» кинолоруна катышып, башкы каармандарды ойногон. Тилекке каршы, анын өмүрү кыска болгон. Ал 37 жашында бул дүйнөдөн кеткен. Бирок, анын элеси бул дүйнөдөн кеткен жок. Таттыбүбүнүн элеси сахнанын жана сулуулуктун турмушунда жашап келе жатат. Кыргызстанда Таттыбүбүнү «ак куу» деп да айтышат, анткени кыргыз маданиятында ак куу эң эле татынакай жана назик куш. Ак куунун мойуну узун жана Таттыбүбүнүн дагы мойуну узун болгон. Буга байланыштуу мындай ыр бар: «адашкан аркар сыяктуу, арманда кетти бир ак куу». Анын ийилген кирпиктери, ажарын төккөн жүзү, өрүлгөн узун чачтары дагы эле Кыргызстандын ар бир атуулун суктандырат. Чындыгында, Таттыбүбү Турсунбаеванын сүрөттөрүн жана кинолорун карап көрсөңүз, сиз дагы анын сулуулугуна суктанасыз.