Тынчтыкбек Чоротегин: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
46-сап:
Аспирант кезинде Новосибирск, Бишкек (ал кездеги Фрунзе), Ташкен шаарларындагы ар кыл илимий жыйындарга катышкан.
 
1986-жылдан тартып кыргыз тарыхы, Махмуд Кашгаринин мурасы, кыргыз тилинин көйгөйү ж.б. тууралуу макалаларды байма-бай кыргыз жана орус тилдеринде жарыялаган. Ал Кыргызстанда чыгыш таануу факультетин ачуу демилгесин 1988-жылы көтөрүп чыккан.
 
Эмгектерине тыйуу салынган Молдо Кылыч, Арстанбек, Молдо Нияз, Осмонаалы Сыдык уулу, Эшеналы Арабай уулу жана башка 1917-жылкы ыңкылапка чейин эле китептери чыккан жана чыгармалары кеңири таркаган даанышмандардын эмгектерин Кыргызстанда кайра жарыялоо тууралуу ойлорун 1986-87-жылдардан тартып илимий жыйындарда ачык айтып, макалаларында орчун маселе катары козгогон.
 
Ал Кыргызстанда чыгыш таануу факультетин ачуу демилгесин 1988-жылы орусча мезгилдүү басма сөздө көтөрүп чыккан.
 
Анын кыргыз тилин орус тилинен кем эмес колдонуу зарылдыгы тууралуу Москвадагы "Правда" гезитине 1988-жылы жолдогон макаласы цензуранын айынан жарык көргөн эмес. Бул макала кайра Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетине жиберилген. Бирок Михаил Горбачевдун "кайра куруулар" доорунун илеби менен "улутчул аспирантка" каршы катаал чара көрүлбөй калган.