Кыргыздарда психология түшүнүгүнүн жаралышы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
2-сап:
Психологиянын ошондой эле кичине балдар эмес, чоң кишилердин ортосундагы мамилелерге тийгизген таасири жөнүндө да айта кетели. Мисалы, медиктер организмдин кайсы жерин дарылабасын, эң биринчи менимче психолог болушу керек, болгондо да өтө чебер. Себеби сыркоо адамдын ооруган жеринен мурун анын көүүлүн сакайтуу ишти оңунан чыгарат. Көңүл тазармайын, ооруган жер айыкпашы да мүмкүн. Психолог врач оорулуунун ички түкшүмөлүн сезиши керек. Анын кооптонуусун, коркуусун четке каккыдай ишеничтүү тирек болуп берүүгө жараганда гана врач оорууну жеңе алат. Ооруулууга врач менен сүйлөшкөндөн кийин жеңилдик сезилбесе, ал начар врач деген таамай айтылган кеп бар.
Психологиянын коомдогу маани-маңызына баа берүүгө кыскача гана кайрыла кетүү бери болгондо коомайыраак болуп калар. Бирок, ошентсе да анын эмне экенин, коомдо зарылчылыгы канчалык экенин жогорудагыдай мисалдардан эле айкын боло түштү. Деги эле психология кайсы тармакта болбосун адамзаттын ийгиликке жетиши үчүн колдоно турган эң күчтүү алмаштыргыс куралы болуп эсептелинет.
Кыргыздар психологияны совет бийлиги келгенден кийин гана билген деген да сөз болушу мүмкүн. Бул туура эмес. «Психология» деген терминди кыргыздар билмек турсун, укпашы да чын, бирок анын нукура өзү бул элде болгон эмес деп айтуу мүмкүн эмес. Кыргыз эли «психолог» кишини «кыраакы» деп эң сонун атаган. Ошондо «психология» «кыраакылык» болуп эсептелип калат эмеспи. Бирок, албетте «психология» деген сөздүн мааниси «кыраакылыктан» терең да, кеңири да. Менин айтайын дегеним, кыргыз элинин илгертен эле күчтүү психолог болуп келгенин анын оозеки чыгармачылык өнөрү, ыр -күүлөрү тастыктап келет. Демек, терминдин өзү гана бизге кийинчерээк белгилүү болбосо,анын мааниси небак эле элибиздин канында жашап келген. Толубай сынчы, [[Кет Бука]], Жайсаң ырчы, Санчы сынчы деген тарыхтагы даанышмандарыбызды психологиядан (анын маанисинен) кабары болгон эмес деп ким айта алат.
Демек, психология мурун да, азыр да, кийин да жашаган, жана жашай бере турган илим катары биздин коомдо ойногон ролу ченемсиз.