Боз үй: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "«Төрт колдоп уук улаган, Дөбөдөн үйүн сынаган. Берметке шуру кынаган, Белгиси жакшы байбиче, Беле..."
 
No edit summary
1-сап:
«Төрт колдоп уук улаган, Дөбөдөн үйүн сынаган. Берметке шуру кынаган, Белгиси жакшы байбиче, Белестен үйүн сынаган» (Калык). Бул — кыргыздын турак жайы. Элибиздин улуттук мүлкү.
 
'''Кыргыздын боз үйү''' — элдин сергек акылынан чыккан, чебер колунан тамган, теңдешсиз өзүнчө өнөр. Ал — укмуштай айлакердик көркөмдүккө, математикалык так эсепке жана физикалык тең салмакка ээ. Жалаң мал чарбачылыгын аркалаган эл каалаган жерге: мейли тоодо, мейли түздө жашоого бирдей оңтойлуу шарт түзгөн үйдү жаратып алуусуна жашоо-тиричилиги өзү мүмкүндүк берген. Калк жашаган жайларда керектүү жыгачтар чыккан. Кыргыздар боз үйдүн мына ушундай түрүн жаратышы үчүн турмуштук тажрыйбаларын, талантын, акыл-ойлорун жана кол өнөрчүлүгүн жумшаган.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Боз_үй" булагынан алынды