Аяк кап: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Кийизден жасалган ашкана буюму. Буга жыгач идиш-аяктарды сакташат. Ал көчмөңдүү турмушта кенен к..."
 
No edit summary
1-сап:
Кийизден жасалган ашкана буюму. Буга жыгач идиш-аяктарды сакташат. Ал көчмөңдүү турмушта кенен керектелип, [[БОЗ ҮЙ|боз үйдүнүй]]дүн эпчи тарабына керегеге эки кулакчасынан илинген. Мунун жөнөкөй түрү жалаң кийизден турат. Коозу кадимки оюмдун четине көбүнчө аккарадан «араа тиш», «бадам оюму», «ит куйрук оюму» өңдүүлөр берилет. Айрым жерлерде мунун кийизин шырдактай кынаптап шырыйт.
Аяк капка түшкөн шырдак оюмдары ар кыл. Көбүнчө уздар кызыл менен көк өңдү, же кара менен сары өңдү, кара менен кызыл өңдү айкалыштырышат. Ага да «жалпы оюмду» оюп берүү мүнөздүү келет. Ал эми аяк каптын капкалдырыгына да өзүнчө оюм түшөт. Ага негизинен «мүйүз оюму», «табак оюму», «кыял оюму» келет да, бет оюмуна шарттуу көрүнөт. Буюм боз үйдүн ички жалпы жасалгасына өзүнүн жекече кооздугун кошуп турат. Аяк каптын капкалдырыгынын бүчүсү ортолук оюмдун чок-ортосуна кадалган топчуга бүчүлөнөт. Чарчы жарым тегерек борумунда жапкычтуу келген бул кооз буюмдун чети чарчы тордолонот жана «төкмө чачыланат».
 
 
== Маалыматтын булагы ==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Аяк_кап" булагынан алынды