Ак калпак: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "«Ак калпак кийип, ат минген, Кыргызымды сагындым, Ар дайым менден кат күткөн, Бир кызымды сагындым..."
 
No edit summary
1-сап:
«Ак калпак кийип, ат минген, Кыргызымды сагындым, Ар дайым менден кат күткөн, Бир кызымды сагындым» (Мидин). <br />
Бул — Ала-Тообузга символдоштурган элдик [[баш кийим]]. Аны жасоодо, абал жүндү кылдап, саксагыраагын майдалап кыркып сабайт. Уютулган жүндү басып кургатып, кайра бышырган соң борду улам сээп, улам басып, кайра үбөлүктөп, кийизди катуу кылат. Башка чакталып, калпактын төрт талаасы бычылат да, алардын ортолоруна «милте» коюлат. Калпактын «Айры калпак» деген түрү бар. Анын төрт талаасынын кошулган жерлери жана жээги «кыюуланып», төрт жеринен кичине шара тилик калтырылат. Ал эми «Тилик калпакта» төрт талаасы «кыюуланбайт» да, ак жип аркылуу бириктирилип, эки жеринен чоңураак тилик калтырылат... «Туюк калпакта» жүн калпак түрүндө уютулат да, муну улам катуу басып, анан өбүлүктөп, кайра бышырып, төбөсү топ-тоголок, этеги тегерек түргө келтирилет.
Кыздарга ак жүндөн жука кылып, этегин эркектердикинен тайкы, тегерете жээгин үстүн көздөй имерилте бычып, ага үкү таккан. Аларга түрдүү ийне сайма аркылуу, көркөм көчөттөрдү келтирет. Калпактын кол саймасы «секиртме», «тап бердирме» деп аталат. Мында тигүүчүлөр эки ыкманы жүзөгө ашырат. Биринчи калпактын төрт талаасын бири-бирине «милтелеп» (жээктеп) кошот. Экинчи «кыюусу» (алкагы) тигилет. Андан кийин учук аркылуу ичи жөрмөлүп, топ чачыгы («чогун») чыгат. Анан тигүү машинасында анын кырын жүргүзөт. Андай калпак барктуу болот. Бөрксүз калпак телпек сыяктанып калат. Мындан «калпакпы же телпекпи» деген сөз чыгат. Анда башка токтому жок болуп калат. Кийизи өтө жука келсе, бир жайдан чыкпайт. «Сайма калпактын» бөтөнчөлүктөрү уяң жүндөн уютулат. Ал кийизге берилген көркөм көчөттөр ого бетер назиктелип, уландар эле эмес, кыз-келиндерибиз да кийип жүрүүгө шартташат. Буга түшкөн сайма көчөттөр «кыялданат». Мындагы көркөм көчөт оюмдун элементтерин уздар чөптөрдүн сабагынан, мөмө жемиштеринин шагынан, ийилген бутактарынан алышат. Ал сөзсүз бир нерсеге окшошуп, бул сайма көчөттөрдөн «бармак боочу», «ит куйрук», «ийрек», «бычак учу» өңдүү көркөм оюмдар элестейт. Элдик оюмдун элементтери экинчи бир кооз оюм-көчөттүн туулушу үчүн көркөм каражат болот. Оюмдан-оюм, көчөттөн-көчөт чыгат. Ошондуктан, көркөм оюм — ойдун кумары болуп көрүнөт. Бул ар бир уздун изденүүлөрүнө жана жаңыча узданууларына негиз түзөт, «Бабабыз кийген ак калпак, Баркына жетип жүрөлү» — деген саптар баш кийимдин баркын арттырат. Кыргыз калпагы мурдагы эл чарбачылыгынын Бүткүл союздук көргөзмөсүнө коюлуп, «күмүш медалына» татыктуу болгон.
Азыр кыз калпагын тигүүнүн үлгүсү кайрадан жанданууда. Ак, кызыл, көк, жашыл өңдөгү жасалуучу бул баш
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Ак_калпак" булагынан алынды