Булгаары: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''БУЛГААРЫ''' Элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн жердиги. Көркөм буюм жасоонун, иштетүүнүн ийкемдүү тү..."
 
No edit summary
1-сап:
'''БУЛГААРЫ'''<br />
 
Элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн жердиги. Көркөм буюм жасоонун, иштетүүнүн ийкемдүү түрү. Бул азыр заводдон чыгат да, жаралуучу буюм-белектин кагазга эскизин (үлгүсүн) түзүү шарттуу көрүнөт. Илгерки чеберлер терини сыйрып, жыдытып, же жүнүн алуудан баштаса, мында булгаарынын бир нече түрү болуп, булар ич ара көркөмдүктү түшүрүүгө өтө оңтойлошот. Ошого карап, чийилген эскиздеги кооздук түшүрүлөт. Натыйжада, эскиздердин негизинде булгаары бычылат. Элдик чеберлер тери бетине түрдүү кооздуктарды дароо эле чийим шибегелери менен түшүрүүгө маш болушса, булгаары буюмдун абалы, анын үлгүсү келтирилип тигилет. Ал колдонмолук эмес, көбүнчө белектик-жасалгалык мааниге ээ болот.<br />
 
Line 15 ⟶ 16:
Булгаарыга — «наар» түшүрүүдө чеберлер «мүйүз», «бармак бооч», «кыял» оюмдарын негиз тутушат, булгаарынын табияты кабыл алгандай оюмду майда үзүл-кесилсиз берүүбүз керек. Мында оюмдан оюм жаралып, чөптүн сабактарын, гүлдөрдүн бутактарын жана таажыларын, бак-дарактардын жалбырактарын символдоштурууга болот. Албетте, булгаарыга түшкөн кооздукту башка жердиктер кайталай албайт. Төтөн, күрөн, сары булгаарыга өң сиңирүү — чеберчилик. Чеберлер жердиктин негизги касиеттерин таанып билет.<br />
Булгаары боеонун бөтөнчөлүктөрүн алар билишет. Азыркы боектордун жугушуна, теринин сырткы бетин тазалоого өзүнчө майы болот. Демек, булгаарыга шавельовой кислотасы пайдаланылат. Булгаары күйүп кетпеске өз өлчөмүн билип турушат. Боелгон теринин үстүнөн жылтыратыш үчүн мом сүртүлөт. Ал боекту актайт, суу жугузбайт.<br />
 
==Маалыматтын булагы==
[http://bizdin.kg/component/k2/item/173-kyrgyz_kol_onor Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9]
[[Category:Кыргыз кол өнөрчүлүгү]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Булгаары" булагынан алынды