Difference between revisions of "Мелис Эшимканов"

 
Мелис Эшимкановдун саясый ишмердигинен байкаганым – ал ар дайым эркиндикти туу тутуп жашайт. Ал үчүн башын саюуга чейин барат. Кыскасы, өз логикасы, өзүнүн нравалык таянычы, уят-сыйыты, жүрүм-туруму бар интеллектуал саясатчы. Кээде моралдан тайып кетсе да, табигый, оңой эле ордуна келтирип кое тургандай тайыйт.
 
Тынчтыкбек ЧОРОТЕГИН, "Азаттык" үналгысынын Прагадагы кызматкери:
 
- Ар кишиге "жаңыл-ба" деп суранабыз, жалбарабыз, бирок, калпыс кадам таштап алган кишини ар дайым "тезирээк түз жолго кайрыл!" деп гана чакырууга тийишпиз. Мурда Акаев менен Бакиевдин режимдеринин көрүнөө же көмүскө техникалык "бурамасы" болгондор да азыр кайра эле ыңкылаптан кийинки бийликке кызмат кылууга далалаттанып жүрүшпөйбү.
Мелис Эшимканов азыр эр ортонуна да келе элек. Аны таптакыр, биротоло "кара тизмеге" кошуп салгандарга каяша айтаар элем. Дайым журт турмушуна өзүбүздүн жеке салымыбызды, саамалыгыбызды кошуу үчүн бири-бирибизге акыркы дем калгыча мүмкүнчүлүк ыйгарып туралы.
"Азаттыктын" архивинде, кулатылган бийлик уюштурган Ынтымак курултайында Мелис Эшимканов сүйлөп, ошондон эки апта өтүп-өтпөй эле Ак үйдөн куулуп чыккан президент К.Бакиевден абактагы Исмаил Исаковду бошотуу ж.б. тууралуу өтүнүч кылып жатканын чагылдырылган тасма бар (http://www.azattyk.org/video/6397.html).
Мелисти курулай жактап жаткан жокмун.
Тарых күбө, "Азаттыкты" 2008-жылы 1-октябрда УТРКнын каналынан алып салган да Мекебиз болду. Бирок, бизге бул жаатта Эшимканов түгүл, маркум Медет Садыркулов (ал кездеги президенттик администрация башчысы) менен мурдагы өкмөт башчы Игорь Чудинов да жардам бере алышкан эмес.
"Азаттыкты" УТРКдан сүрүп салуу буйругу Бакиевдердин "парманы" экенин Эшимканов менен Садыркулов 2008-жылы күздө кыйытып айтышкан. Кыяс Молдокасымовго да ушундай эле кысым болгон, бирок ал акырына чейин туруштук кылган.
Жогоруда учкай жазганымдай, мурдагы көшөкөрлөрдүн көбү азыр деле бийликтин ар кыл бутактарынан башын кылтыйтып коюп жүрүшөт.
Мелиске айтаарым, 2010-жылы 23-мартта өзүң элдик макалды эске салгандай, "жаңылбас жаак болбойт..." эмеспи, публицисттердин үйүрүнө кайра кошулууга аракет кылып жаткан экенсиң. Менимче, өз ордуңду дал ушул жаатта кайра таба аласың. Баш аман болсун, калемгердигиңе Теңир кубат берсин. Кайра эле түпкүлүктүү демократиялык реформаны колдогон нукка түшөөрүңө үмүт байлагыбыз келет. Мурдагы авторитардык "лөктөрдүн" жана ар кандай "максимдердин" тымызын куралы болгондордон эми алыс боло көр!
 
Гүлзинат СУРАНЧИЕВА, ырчы:
Ак үйдүн алмашып бийлиги, <br>
Теминип алыстан келгиче…<br>
 
 
 
==Сыйлыктары. Наамдары ==