Алыкул Осмонов: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
12-сап:
Жер түбүндө чирисе да, бир гүлдөйт.
 
1935 - 1950-жылдардын аралыгында ал ондон ашуун ыр китептин ээси болду. "Таңдагы ырлар", "Жылдыздуу жаштык", "Чолпонстан", "Махабат", "Жаңы ырлар", "Менин жерим - ырдын жери" деген жыйнактары жарык көрдү. "Мой дом" аттуу ырлар жыйнагы 1950-жылы Москвадан орус тилинде басылды. Бул китеп жалпы союздук окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынып, акындын атагын алыска таратты. Алыкул Осмонов эң мыкты котормочу да болгон. Ал [[Пушкин, Александр Сергеевич|Пушкиндин]], Шекспир, Низами, Шота Руставели сыяктуу дүйнөлүк адабияттын алптарынын көркөм дүйнөсү менен кыргыз окурмандарын биринчилерден болуп тааныштырат. Айрыкча улуу акын Шота Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыр" поэмасынын Алыкул таржымалдаган котормосу аңызга айланып, атпай Ата Журтубуздун бүт булуң-бурчуна жетти. Шекспирдин "Отелло", "Он экинчи түн" сыяктуу драмаларын да кыргыз көрүүчүлөрү анын котормосу боюнча сахнадан көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Улуттук сөз өнөрүнүн бүгүнкүсү менен эртеңкиси туурасында ойлонуу, өзүнө талап коюу А. Осмоновду көп нерсеге милдеттендирди. Ошондуктан мурдагы жазгандары такыр жакпай, өз жараткандарын өзү жериди. Нечен толгонуудан кийин басмага даярдаган ырларынын жаңы жыйнагын өрттөп да жиберди. Бул үчүн чоң жүрөк, ашкере баатырдык керек эле. Алыкулда андай касиет, сапаттардын баары бар болчу. Анын чыгармачылыгынын бурулуш учуру да дал ушул жылдарга туура келди. Бирок ажал арбайган ач колун ага сунуп, өлүм жакындап, суусу түгөнө берди. Ашкере айкөл, ташкындаган таланттын туз-насиби 35 жылга гана өлчөнгөн экен, залкар акын 1950-жылы 12-декабрда дүйнөдөн кайтты.
Калемдеш жана замандаштарына караганда Алыкул Осмоновдун таланты да, тагдыры да бөлөкчө. "Кудайга миң мертебе калп айтса да, ырына бир жолу да калп айта албаган" бул акын өзүнүн керемет поэзиясы менен адамдардын жүрөгүнө жашоонун не бир ажайып сулуулугун, кымбаттыгын жеткире алган. Акын мөлү Алыкул өз өмүрүн ырсыз элестете алган эмес. Ошондуктан өмүрүнүн акырына чейин поэзияны ыйык туткан. Кудурети күчтүү табияттан анын сураганы да бир гана нерсе эле. Ал ыр болчу:<br><br>