Бешик: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
3-сап:
<br />
 
Бешик көчкөндө өңөрүп жүрүүгө шартташкан. Усталар буюмдун андай сын-сыпаттарын сактап, өзүнүн чеберчилигин натыйжалап, үлгүнүн жаңы түрүн ойлоп, аны чыгармачылыкта андан ары өнүктүрүүгө жетишүүдө. Чынында жыгач бешик эч качан сырдалбайт. Ал жалаң жыгачтан жаралып, [[жердик]] өзүнүн жекече касиетин өзү гана дааналап көрсөтөт.
Айрым бешиктердин башкы бөлүгүндө тартмасы болот. Ал бир нече кутучалардан турат. Ага наристенин упчусу, оюнчуктары, жүз аарчысы, чүкөсү, татымалдары жана өздүк буюм-тайымдары сакталат. Бешиктин аяк-баштарында
атайын көркөмдүк үчүн чырмак чий кынаптай түшүрүлөт. Акылмандуулукта ойлоштурулуп жасалган бул асыл буюм — бир гана чебердин чыгармачылык түйшүгүнөн жаралган табылгасы эмес. Атадан балага, улуулардан урпактарга сынбай-бүлбөй табарикке, көөнөрбөс белекке берилип келе жаткан нуска.<br />
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Бешик" булагынан алынды