Барсбек каган: нускалардын айырмасы

кыргыздардын каганы.
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with " Енисейде калыптанган кыргыз мамлекетинин кадыр-баркы анда Барс-бегдин даңктуу ысымы менен бай..."
(Айырма жок)

27 сентябрь 2011, саат 12:18 учурдагы нуска

  Енисейде калыптанган кыргыз мамлекетинин кадыр-баркы анда Барс-бегдин даңктуу ысымы менен байланышкан. Бул руна жазмаларында катталган кыргыз башкаруучусунун биринчи ысымы. Эми биз өзүбүздүн улуттук мамлекетибизди түзгөн учурда, элибиздин зоболо-атагын арттырган бул мамлекеттик ишмердин ысымы татыктуу баасын алып, Манас жана кыргыз элинин башка тарыхый ишмерлеринин ысымдары менен бир катарда жарык жылдыз болуп жаркырап жанып турууга тийиш. 
  Енисейлик кыргыздардын кызыкчылыгын коргоо максатында Барс-бег кытайдын Тан империясы, Түргөш каганаты, ошондой эле коңшу дос уруулар менен союзга кошулган. Бир эле мезгилде активдуу аскердик иш-чаралар аткарылып, алардын ичинде душмандын кыш мезгилинде Минусинск өрөөнүнө кирип келүүсүн токтотуу максатында түштүктөн Енисей капчыгайы аркылуу кеткен чоң жолдун боюнда эң бекем чыңдоолор курулуп бүткөн. Жайкысын табигый бөгөттүн кызматын жайык жана кубаттуу дарыя аткарган. Бабаларыбыз тарабынан ар бир кыш сайын, Сибирдин катаал-суук шартында, муз усту менен Енисейдин жээктерин бойлото жыгач устун жана кардан жасалган бийик, узундугу бир канча чакырымдарга созулган тосмолорду куруп чыгуу учун не деген гана күчаракет жумшалган. Ал эми жазгы ала-шалбырт башталаары менен баягы курган чептин баары сууга жуулуп, агым менен кошо кетүүчү. 
    Чыгыш Турк каганаты өз ээликтеринин чегин кеңейтүүгө умтулган түрк күчтөрүнүн жолун бөгөп гана тим калбай, ошондой эле өрөөндөгү бийлик үчүн күрөштө каганаттын өзүнө да чакырык таштоочу кучкубатка жетишкен кыргыз мамлекетинин дараметин дайыма байкап турган. Өз мамлекетинин кубатына ишенген Барс-бег так ооматын билдирген Ынанчу Aлп Билге деген ат алган. Салгылаштын бириндеги кыргыздардан кезектеги жеңилүүдөн кийин, түрк каганы Капаган Барс-бегди тынчытуу үчүн ошол замандагы салт боюнча өзүнүн карындашын - канбийкечти ага аялдыкка берген. 
     Каганаттын төбөлдөрү Барс-бегге каршы жортуулга күн мурун даярданышты. Мындайча айтканда, түрктөр кыргыздардын конушуна алардын күчтүү союздаштары – түргөштөр менен кытайлардан жардам келгиче жетип кол canyyгa үлгүpүп калууга ашыгышкан. өздөрүнүн чабуулунан эки жыл мурун түрктөр кыргыздарга достошкон урууларды Минусинск ойдуңунан түштүккө карай жайгаштырышып, Туванын аймагында плацдарм түзүп, аны бардык аракети менен чыңдай беришкен. Ал эми 711-жылдын кышында алар азыркыга чейин уникалдуу деп эсептөөгө боло турган согуштук операциясын баштоону чечишкен. 
    Операциянын өзгөчө мааниси боюнча, түрктөрдүн чоң колун алардын башкаруучулары Билге-каган менен Кул-Тегин ээрчитип жөнөгөн. Аскер башчысы ал мезгилдеги белгилуу кол башчы Төнүкөк болгон. Жергиликтуу жол баштоочу аларды өтүүгө мүмкүн эмес деп эсептелген Too чыйыры аркылуу ээрчитип жөнөйт. Бирок ал түрктөрдүн ишенимин актабагандыктан, аны өлтүрүп салышат. Аттарын жетелеп, терең карга көмүлгөн кууш Too жолунда жандарын оозуна тиштеп жөнөгөн түрктөр акыр-аягында ашуунун аркы бетине чыгышат да, кыргыздардын конушуна түштүк жагынан эмес, а күтүлбөгөн жерден - түндүк жагынан сокку урушат. Бул адегенде камсыз турушкан кыргыз жоокерлеринин арасында дүрбөлөң түшүрөт, бирок aлap урулган соккуну татыктуу тосушуп, эр жүрөктүүлүк менен согушат. Барс-бег Сунга деген жерде баатырдык менен каза табат. Аны менен кошо жүздөгөн кыргыз жоокерлери жандарын кыят. Бул кыргыз эли үчүн орду толгус жоготуу болучу. 
    Кайгы тарткан кыргыздардын Енисейдеги байыркы руна эстелигинде мындай деп жазылган: 

"Энем мени он ай көтөрдү. Ал элиме мени тартуу этти. Meн жер үстүндө каармандыгым менен кадыр-барк күттүм. Meн түмөндөгөн душман менен тайманбастан кармашып жатып, элимди кыйын күнгө калтырып кеттим... О, Барс, бизди таштаба, Менин жоокердик эрдигимдин урматына, менин агаларымдын күч-кубатынын жана менин инилеримдин урматына мага ушул көөнөрбөс эстеликти аздектеп тургузушту."

  Тарыхчылар муну жазуу түрүндө калтырылган маркумга багытталып айтылуучу эң байыркы жоктоо - кыргыз кошогу деп эсептешет. өлгөн адамды жоктоонун мындай белгилуу формасы "Манас" эпосунда таасын-так көрсөтүлгөн. Барс-бегге арналган кошок да, Манаска арналган кошок да стили жана поэтикалык образдуулугу жагынан бири-бирине окшош. Анан өзүнүн айкөлдүгү, жасаган улуу иштери, баатырдык сыпаттары жана жоокердик каармандыгы боюнча да Барс-бегдин образын Манастын образына салыштырууга болот. Көптөгөн тарыхчылар менен Манас таануучулар дал ушул Барс-бегди Манастын прообразы катары негиздүү эсептеп жүрүшөт.