Жүн: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Бул — элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн түбөлүктүү жердиги. Уздардын кооз буюм жаратуудагы..."
(Айырма жок)

27 сентябрь 2011, саат 13:08 учурдагы нуска

Бул — элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн түбөлүктүү жердиги. Уздардын кооз буюм жаратуудагы негизги материалы. Муну менен оймочулук, саймачылык, чырмакчылык, түймөчүлүк, өрмөк согуучулук, килем токуучулук, бычмачылык-тикмечилик, куракчылык өнөрү жүзөгө ашат. Жүндөн уютулуп кийиз, ийрип-эшип жип жасалат. Мында «жүн кыркуу», «жүн сабоо», «жүн кылдоо», «жүн тытуу», «жүн боео», «жүн жуу», «жүн түйдөктөө», «жүн чабактоо» өңдүү аракеттер аркылуу буюм-тайымдар жүзөгө ашырылат.

Жүндүн кылчык, жарым кылчык, уяң жарым, чала уяң өңдүү түрлөрү бар.
Көркөм кол өнөрчүлүк үчүн кылчык, жарым кыл чык жүн өтүмдүү болот.


Маалыматтын булагы

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9