Жүгөн: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Бул — ат жабдыктарынын бир бөлүгү. Жылкынын башына катылат. Ат жабдыктарынын өлчөмү ..."
 
No edit summary
6-сап:
Кыз-келиндер токуна турган ат жабдыктарынын бөтөнчөлүктөрү өзүнөн-өзү кашкайып турат. Андай өзгөчөлүктөрдү атка катылган жүгөндөрдөн айрыкча баамдайбыз. Азыркы усталардын колунан тамган [[ат жабдык|ат жабдыктар]] негизинен эркектерге таандык болуп эсептелет. Жүгөндөрдүн маңдайында «купасы» (көрчөгөсү) анын астында чачылары бар. Бул ушул эле жөнөкөй көрүнүшү аркылуу купулга толот.<br />
 
Илгери көчмөңдүү турмушта кыз-келиндерибиз катынуучу жүгөндөрдүн тумшугу кадимкидей конус кейиптенген кичинекей күмүш калакчалары менен майда зымчалардан турган чачылары бар элечектин кыргак сымал шөкөттөрү тартылат. Аны ар бир [[зергер]] өзүнүн учкул «кыял» чабыттары менен таң калаарлык даражага жеткендей көркөмдөгөн. Жүгөндүн мындай көркөмдөлгөн тумшугу аттын чекесинен кыргакталып, эки кулактын ортосу аркылуу кежиге менен бириккен.<br />
 
Шөкөттөргө айнек, асыл таштар чөгөрүлөт. Күмүш «топчулардын» беттерине «себет» төгүшөт. «Чапкылоо ыкмасы» менен из түшүрүшөт. Ал кооз оюм-чийимдер кайберендердин сөлөкөттөрү кейиптенет. «Бугу мүйүз», «марал мүйүз», «кулжа мүйүз», «куш канат», («ит куйрук»), «түлкү куйрук» өңдөнүп, күмүштү көркөмдөө өнөрүнүн жогорку четине жетет. Жүгөндүн маңдайында, эки жаагындагы купа томпоктоло кыр чыгарыла чабылат. Буюмдун маңдай «купасынын» төмөнкү четинде 6,5—7,5 см, чачы үстүндө үч см. «жүрөкчө» болот.<br />
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Жүгөн" булагынан алынды