Жүгөн: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
Бул — [[ат жабдык|ат жабдыктарынын]] бир бөлүгү. Жылкынын башына катылат. Ат жабдыктарынын өлчөмү ар кандай болот. Орточо жүгөндү колдон чыгаруу үчүн анын тумшугунун эки жагы 16 смден — 32 см, эки «ооздук» келүүчү жери 6 смден 12 см, жүгөндүн «оң жаагы» 33—35 см., «сол жаагы» 80—82 см., «сагак» 40—42 см, «сагакты илүүчү жери 14. см. болушу тийиш. Мында ат жабдыктык кайыштын жазылыгы көмөлдүрүк, коюшкан үчүн да бирдей 2—2,5 см. болуп тилинет.<br />
[[File:English bridle particular.jpg|thumb|Жүгөн]]
 
Күмүш чабылган жабдыктарындагы (көмөлдүрүк, куюшкан үчүн да) кайыш, булгаарынын жазылыгы менен жез, мис чөгөрүлгөн жабдыктардын эни бирдей эмес. Мисалы, азыр чеберлер жүгөнгө, көмөлдүрүккө, куюшканга жез чөгөрүүдө. Ошондо орточо жүгөндүн жаагы 52 — 54 см. мунун тумшугу 42—44 см. болушу керек. Кайык да, өрүм да ыкмасы менен бүткөн ат жабдыктарынын негизги бөлүктөрүнүн (жүгөн, көмөлдүрүк, куюшкан) жазылыгы үч см. ден ашпоого тийиш.
Ооздук эки бөлүктөн турат да, эки чагамагы «жүзмө» аркылуу кайышка тутумдашат. Чагарактын айланасы 260° болуп, ооздуктун жагалмай канаты 9 см. келет. «Жүзмө» бекиген ушундай чагармагы бар шакекче аркылуу бири-бирине илише бекип, ойдогудай элпек кыймылга келип турган кош темир. Жүгөндүн башынын өлчөмүнө карай узартылып жана кыскартылып турат.<br />
16-сап:
==Маалыматтын булагы==
[http://bizdin.kg/component/k2/item/173-kyrgyz_kol_onor Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9]
 
[[Category:Кыргыз кол өнөрчүлүгү]]
 
[[ca:Brida]]
[[de:Zaumzeug]]
[[en:Bridle]]
[[es:Brida (equitación)]]
[[fi:Suitset]]
[[fr:Bride (équitation)]]
[[hu:Kantár]]
[[io:Brido]]
[[it:Testiera]]
[[ja:頭絡]]
[[ka:ლაგამი]]
[[lt:Kamanos (pakinktai)]]
[[pdc:Zaahm]]
[[pl:Ogłowie]]
[[simple:Bridle]]
[[ru:Уздечка]]
[[sv:Betsel]]
[[uk:Вуздечка]]
[[zh:马辔]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Жүгөн" булагынан алынды