Жүгөн: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary |
|||
4-сап:
Ооздук эки бөлүктөн турат да, эки чагамагы «жүзмө» аркылуу кайышка тутумдашат. Чагарактын айланасы 260° болуп, ооздуктун жагалмай канаты 9 см. келет. «Жүзмө» бекиген ушундай чагармагы бар шакекче аркылуу бири-бирине илише бекип, ойдогудай элпек кыймылга келип турган кош темир. Жүгөндүн башынын өлчөмүнө карай узартылып жана кыскартылып турат.<br />
Кыз-келиндер токуна турган ат жабдыктарынын бөтөнчөлүктөрү өзүнөн-өзү кашкайып турат. Андай өзгөчөлүктөрдү атка катылган жүгөндөрдөн айрыкча баамдайбыз. Азыркы усталардын колунан тамган [[ат жабдык|ат жабдыктар]] негизинен эркектерге таандык болуп эсептелет. Жүгөндөрдүн маңдайында [[купа|«купасы»]] (көрчөгөсү) анын астында чачылары бар. Бул ушул эле жөнөкөй көрүнүшү аркылуу купулга толот.<br />
Илгери көчмөңдүү турмушта кыз-келиндерибиз катынуучу жүгөндөрдүн тумшугу кадимкидей конус кейиптенген кичинекей күмүш калакчалары менен майда зымчалардан турган чачылары бар элечектин кыргак сымал шөкөттөрү тартылат. Аны ар бир [[зергер]] өзүнүн учкул «кыял» чабыттары менен таң калаарлык даражага жеткендей көркөмдөгөн. Жүгөндүн мындай көркөмдөлгөн тумшугу аттын чекесинен кыргакталып, эки кулактын ортосу аркылуу кежиге менен бириккен.<br />
|