Адабий сын: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Адабий сын — адабият теориясы, адабият тарыхы сыяк-туу эле адабият таануу (к.) илиминин негизги би..."
 
No edit summary
1-сап:
Адабий сын — адабият теориясы, адабият тарыхы сыяк-туусыяктуу эле адабият таануу (к.) илиминин негизги бир бөлүгү, адабий чыгармачылыктын бир түрү. Адабий сындын милдети учурдагы адабий процесстин өнүгүшүнүн жалпы же жекече проблемаларын талдоого алат, ага баа берет. Белгилүү бир доордогу адабий өнүгүштү, жекече бир жазуучунун чыгармачылык жолун же айрым бир чыгарманы азыркы учурдун талабына ылайык талдоого алып, ага идеялык-эстетикалык жактан баа берип, ошол аркылуу конкреттүү учурдагы адабий көрүнүш жөнүндө өз пикирин билдирет. Адабий сын В. Г. Белинскийдин сөзү менен айтканда «кыймылдагы эстетика». Адабий сын-макала, рецензия, адабий портрет, обзор, аңгемелешүү, талаш-тартыш ж. б. формаларда адабий сынчылар (к.) тарабынан жазылат.
 
Булак: http://kyrgyzinfo.ru
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Адабий_сын" булагынан алынды