Алфавит: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Алфавит - тилдин жазуу системасында колдонулган бардык тамгалардын белгилүү орун тартипте берил..."
 
No edit summary
6-сап:
Кыргыз графикасынын өзгөчөлүктөрү:
 
1) Кыргыз графикасында көпчүлүк тыбыштар бир тамга менен белгиленет: а, б, в, д, з, и, й, л, м, н, ң, о, ө, п, р, с, т, у, ү, ф, х, ц, ш, щ, ч, ы, э.
 
2) Созулма үндүүлөр кыска үндүү тамгалардын эки кайталанып жазылышы аркылуу туюнтулат: аа, ээ, оо, өө, уу, үү.
 
З) Бир эле [э] үндүү тыбышы сөз башында ортосунда жана аягында эки түрдүү тамга менен э, е белгиленет: эне, эреже, эрке ж.б.
 
4) Алфавиттеги к, г, ж тамгалары экиден тыбышты билдирет. Сездө ичке же жоон үндүү менен келгендигине карай - 2 тыбышты билдирсе да, алфавитте бир гана тамгасы бар.
 
5) Йоттошкон я (йа), е (йе), ё (йо), ю (йу) тамгалар эки фонеманы берет: таяк, коен, чие, уюм, ж.б.
 
6) Эгер й тыбышынан кийин оо, уу созулмалары келсе, йоттошкон тамга (е, ю) жана кыска о, у тамгалары менен катар жазылат: аюу, коюу, баео, союу ж.б.
 
7) Үнсүз в, ф, х, ц, щ тамгалары, ь, ъ белгилери дээрлик орус тилинен кабыл алынган сөздөрдө гана колдонулат: фонарь, химия, цирк, щётка, лагерь, объект, вагон ж.б.
 
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Алфавит" булагынан алынды