Боз үй: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
9-сап:
Үйдүн жыгачы «он эки канат», «сегиз канат», «алты канат», «төрт канат», же «жүз баштуу», «сексен баштуу», «жетимиш баштуу», «элүү баштуу» деп айтылат. Чоң-кичинесин далилдеген үйдүн башы сайылган ууктун саны менен өлчөнөт. Тигип-чечүүгө жана көчүп-конууга, ички эмеректеринин орун алышына 55—65—-75 баштуу үйлөр арбын жасалган. Боз үй «тигилиши мыкты», «бүркүттүн томогосундай», «топтой келип», «такыя түндүк», «жыгачтын маталышы мыкты» жана башка ушул сыяктуу жалпы элдин калыс сынынан өтөт. Ак өргөөнү көтөрүүдө көөрү төгүлгөн [[зергер|зергердин]], [[Жыгач уста|жыгаччынын]], кайкач бармак оймочунун, саймачынын, өрмөкчүнүн, токуучунун, эшмечинин, түймөчүнүн, чырмакчынын, бычмачы-тикмечинин колдору катышат. Мунун эң чоңу «ак сарай» деп аталат.
 
Боз үйдү жасоодо, [[БОЗ ҮЙ ТИГҮҮ|тигүүдө]], [[Боз үй чечүү|чечүүдө]], [[Боз үйдү жүктөө|жүктөөдө]], [[Боз үйдү сактоо|сактоодо]] көркөм кол өнөрчүлүктүн ар бир түрү табы менен кармалат да, [[тери]] - [[жүн]], [[сайма]], [[таар]], [[жыгач]], таш буюмдары боз үйдүн ички колдонмо-жасалгаларына катыш жасайт. Узчулук: [[оймочулук]], [[саймачылык]], чыгармачылык,[[өрмөкчүлүк]], килемчилик, түймөчүлүк, бычмачылык, [[зергер]]чилик, кайышчылык, [[жыгаччылык]], мүйүзчүлүк, [[таш чегүүчүлүк]] боз үйдөн көрүнүп, элдик буюм катары таанып-туюлат. Эстетикалык ыракат берет. Эгер өнөрдүн бирөө болбосо, үйдүн бир татым тузу кемийт. Боз үй көтөрүүчүлөр жогоруда санап кеткен узчулук (аялдарга таандык өнөр) аракеттерин бүтүндөй өзү эле бир колдон чыгарууга жетишкен. Ким зергер аталса, ал боз үйдүн устачылыгын түгөл кармаган.
 
Боз үй азыр ак өргөө катары тигилүүдө. Анда коломто жок. Үйдүн эни менен бирдей шырдак, ала кийиз, шалча салынат. Боочулары, тегиричи, [[кылдырооч|кылдыроочу]] кадимки терме болот. Боз үй тигүүдө айырмачылыктар бар. Жасалга буюмдарында жашыл түс арбын пайдаланылса, ички жасалгалар жашыл болуп көрүнүп, аны «жашыл үй» дейт. Мына ушундай боекторуна карай «сары үй», «кара үй», «кызыл үй» деп айтылышы ыктымал.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Боз_үй" булагынан алынды