Булгаары: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
14-сап:
Булгаарынын бетине «чийме сынпос» түшүрүүдө чеберлердин узануулары үчүн эн мүнөздүү ыкма — пресске басуу. Мында темир клише колдонулат. Аны жасоодо цинк темирдин бетине типографиялык боёктор аркылуу оюм-чийим түшүрүлүп, анан азот кислотасына салынып, темирди жедирүү жолу менен жүзөгө ашат. Темирдин боек бар жери өйдө чыгып, боек тийбеген жери азот кислотасына сүртүлүп жоюлуп калат. Мына ошоңун негизинде рельефтик (бетине түшкөн кооздук) «чийме сынпос» пайда болот. Андан кийин пресс белгилүү өлчөмдө ысытылып, алдына жумшак резина төшөлөт. Буюмга ченеп бычылган тери коюлат да, үстүнө клишени катуу кысуу менен бастырылат. Ысыктыкта бир нече секунд тургандан кийин булгаары бетиндеги көркөм оюмдар кашкаят.<br />
Чеберлер аппликация ыкмаларында колдонушат. Мунун да үлгүсү кагазга түшүрүлөт. Аппликация — курандылоо, кол өнөрчүлүктө бул — «курак». Мында түрдүү түстөгү терилер кесилет да, ирээти менен чапталып чыгат. Бул — булгаарынын өөн-бучкактарын кайра иштетүүнүн сыйда жолу. Өнөр жай өндүрүшүнөн чыккан калдыктарды кайра иштетүү жөнүндөгү программалык негизги багыттарындагы көргөзмөлөрүнө ылайыкташтырып, буюм жасоо жагына айкалыштыруу — бүгүнкү кол өнөрчүлөрдүн милдети. Чеберлер бул жөнөкөй ыкма менен «китеп тышын», «куттуктоо папкасын», «кыздардын кол баштыктарын», «кур» өңдүүлөрдү арбыныраак жасоодо. Булгаары чеберлеринин негизги аспап-куралдарына чийим шибеге, шибеге кирет.<br />
Булгаарыга — [[«наар» түшүрүү|«наар» түшүрүүдө]] чеберлер «мүйүз», «бармак бооч», «кыял» оюмдарын негиз тутушат, булгаарынын табияты кабыл алгандай оюмду майда үзүл-кесилсиз берүүбүз керек. Мында оюмдан оюм жаралып, чөптүн сабактарын, гүлдөрдүн бутактарын жана таажыларын, бак-дарактардын жалбырактарын символдоштурууга болот. Албетте, булгаарыга түшкөн кооздукту башка жердиктер кайталай албайт. Төтөн, күрөн, сары булгаарыга өң сиңирүү — чеберчилик. Чеберлер жердиктин негизги касиеттерин таанып билет.<br />
Булгаары боеонун бөтөнчөлүктөрүн алар билишет. Азыркы боектордун жугушуна, теринин сырткы бетин тазалоого өзүнчө майы болот. Демек, булгаарыга шавельовой кислотасы пайдаланылат. Булгаары күйүп кетпеске өз өлчөмүн билип турушат. Боелгон теринин үстүнөн жылтыратыш үчүн мом сүртүлөт. Ал боекту актайт, суу жугузбайт.<br />
 
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Булгаары" булагынан алынды