Жүк: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
Бул — үй эмеректеринин бир бүтүмү. Төргө үстү-үстүнө бүктөлүп жыйылган [[ала кийиз]], [[алтыгат|алтыкат]], жууркан, төшөк, [[жаздык]]. Жүк жыюу мурун негизинен боз үйгө шартташкан. Анын эң алдына жүк [[такта]] орнотулат. Буга чачылуу кара [[терме]], кажары терме таар же [[килем]] жабылат, анын үстүнө [[жагдан]], [[сандык]] орун алат. Алардын үстүнө ала кийиз, [[килем]], алтыгат, көлдөлөң коюлат. Чекелери саймаланып жана кыюуланып, кертимделген жууркан менен төшөк жыйылат. Үстүнө саймалуу куш жаздыктар кыркаланат. Аны [[килем]] же таар же сайма жабат.<br />
 
Айрым жерлерде сайма балыш, жаздыктар өзүнчө кертимделет. Жүктүн жакшынакай жыйылышы үйдүн ичине өзүнчө ажайып кооздук тартуулайт. Кыз-келиндер жүктү кынаптап жыюусу аркылуу кирип-чыккандарга өзүнүн үйдү таза тутуусун, адептүүлүгүн, чеберчилигин жана табигый маданиятын көрсөткөн.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Жүк" булагынан алынды