Жүгөн: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
8-сап:
Илгери көчмөңдүү турмушта кыз-келиндерибиз катынуучу жүгөндөрдүн тумшугу кадимкидей конус кейиптенген кичинекей күмүш калакчалары менен майда зымчалардан турган чачылары бар элечектин [[кыргак]] сымал шөкөттөрү тартылат. Аны ар бир [[зергер]] өзүнүн учкул «кыял» чабыттары менен таң калаарлык даражага жеткендей көркөмдөгөн. Жүгөндүн мындай көркөмдөлгөн тумшугу аттын чекесинен кыргакталып, эки кулактын ортосу аркылуу кежиге менен бириккен.<br />
 
Шөкөттөргө айнек, асыл таштар чөгөрүлөт. Күмүш «топчулардын» беттерине [[себет|«себет»]] төгүшөт. «[[Чапкылоо|Чапкыло]]о ыкмасы» менен из түшүрүшөт. Ал кооз оюм-чийимдер кайберендердин сөлөкөттөрү кейиптенет. «Бугу мүйүз», «марал мүйүз», «кулжа мүйүз», «куш канат», («ит куйрук»), «түлкү куйрук» өңдөнүп, күмүштү көркөмдөө өнөрүнүн жогорку четине жетет. Жүгөндүн маңдайында, эки жаагындагы купа томпоктоло кыр чыгарыла чабылат. Буюмдун маңдай «купасынын» төмөнкү четинде 6,5—7,5 см, чачы үстүндө үч см. «жүрөкчө» болот.<br />
 
'''Жүгөндүн эле өзүндө бир нече бөлүктөрү бар.''' Тумшук, сагак, эки жаактан турат. Өрүмчүлөр буларды бири-бирине тутумдаштырууда «Тээк» (эки жыгач) коюп, өрүп кетет. Буга «тээк» коюп отурбай, өз ичинен эле өрүм чыгарып, өрүп кетүүгө да болот. Булардын ортолоруна «Тээк» коюлгандыктан катуу кайыштын өрүм аралары бошураак көрүнсө сүткө же сууга салып өрүлгөн. Муну кургак өрүүгө болот. Себеби, антпесе заводдун кайыш өрүмү өтө катуу болуп калат.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Жүгөн" булагынан алынды