Булгаары: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
10-сап:
«Булгаары бетине боёк жабуу» ыкмасы азыр да көп колдонулат. Булгаарыны «кайып тигүү» ыкмасын чеберлер кол учтарынан аткарат. Ал кадимки эле «көктөө жолуна» окшойт. Мында чырашталып тигилет.

Булгаары карамган чеберлер — жарым-жартылай зергер. Булгаары бетине күмүш, назильберь, мельхиор, датчалбас, жез, мис, коло сыяктуу түстүү металлдарды чабуу чеберчиликтери азыр жанданууда.

Буюм бетин [[тогуз төбөлөө|«тогуз төбөлөө»]] (айнек, асыл, таш, пластмасса [[чөгөрүү]]) сыяктуу салттуу нускаларды кармай баштоо — узануунун кан жолун нарктуу тутуу.

Булгаарыга көркөмдүк түшүрүүдө анын бетин жылтыратуу зор мааниге ээ болот. Аны үчүн чеберлер момду (аары балынын чөбөгүсү) пайдаланышат. Ал суу өткөрбөйт. Теринин касиетин узакка сактайт. Мына ушул менен таза теринин бетин сүртөт.

Булгаарынын бетине «чийме сынпос» түшүрүүдө чеберлердин узануулары үчүн эн мүнөздүү ыкма — пресске басуу. Мында темир клише колдонулат. Аны жасоодо цинк темирдин бетине типографиялык боёктор аркылуу оюм-чийим түшүрүлүп, анан азот кислотасына салынып, темирди жедирүү жолу менен жүзөгө ашат. Темирдин боек бар жери өйдө чыгып, боек тийбеген жери азот кислотасына сүртүлүп жоюлуп калат. Мына ошоңун негизинде рельефтик (бетине түшкөн кооздук) «чийме сынпос» пайда болот. Андан кийин пресс белгилүү өлчөмдө ысытылып, алдына жумшак резина төшөлөт. Буюмга ченеп бычылган тери коюлат да, үстүнө клишени катуу кысуу менен бастырылат. Ысыктыкта бир нече секунд тургандан кийин булгаары бетиндеги көркөм оюмдар кашкаят.

"https://ky.wikipedia.org/wiki/Булгаары" булагынан алынды