Ак калпак: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
5-сап:
Азыр кыз калпагын тигүүнүн үлгүсү кайрадан жанданууда. Ак, кызыл, көк, жашыл өңдөгү жасалуучу бул баш
кийимге берилген көркөм көчөттөр кемселге, чыптамага, белдемчиге окшошот.
Калпак чети чырашталат. [[Чыраш сайма|«Чыраш»]] — сайманын бир ыкмасы. Мында төрт талаасы «кайчы кулак» же «кереге көз» аркылуу биригип турат. Бул — «илме достун» бир түрү. Калпак чекелери да так ошондой сайма аркылуу кештеленет. «Кештелөө» — чыраштоонун бир түрү. «Кештелүү калпак — кыймалуу калпак — саймалуу өңүр кештелүү өңүр — булар тигиш ордуна берилүүчү кооздуктар. «Кыймалуу калпак кара шым, Кие турсам не болмок» (Жеңижок). Демек, уздар буюмдун өмүрүн өткөн керезден, мурастан жана табариктерден алышат. Калпактын алдыңкы эки талаасына маңдайлаштырылып, бири-бирине төп келген эки жөнөкөй көчөт элементтен турган саймалар орун алат. Андагы оюм-чийимдер өсүмдүктөрдүн жалбырактарын элестетет да, уз көркөм көчөттү чөптүн сабактарынан алат. Сайма калың жыш болот, көчөттүн элементтерин коюулата саюу убакытты талап кылат. Сайма көчөттөрүн суйдан алуу уздуктун табиятында назиктикти тартуулайт.<br />
 
Шайырлар кийүүгө, шартташкан калпакта «кайык сайма» мүнөздүү келет. Ак жердикке кара жип кара аттын кашкасындай ачыктыкты, тактыкты көрсөтүп, мындай өң көбүн эсе улгайгандарга арналат. Ал эми жиби кызылы улан-кыздарга мүнөздүү келет.<br />
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Ак_калпак" булагынан алынды