Карлук: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Кытай, араб жана перс булактары батыш-түрк империясы кулагандан кийинки түрк урууларынын топто..."
 
No edit summary
13-сап:
Бардык түрк элдеринин ичинен, албетте, карлуктар мусулман маданиятынын таасирине көбүрөөк кабылышы керек эле. Халиф Махдинин (775—785) тушунда эле карлук жабгу исламды кабыл алса керек деген маалымат ишенимсиз; бирок X кылымда жок дегенде эле Таластын чыгыш жагындагы бир нече шаарда чоң мечиттер болгон. Маданияттын таасири карлуктардын жашоо-турмушунан да көрүнүп турган, алардын арасында көчмөндөр менен аңчылардан сырткары жер иштетүүчүлөр да болгон. Бирок карлуктар башка түрк элдеринин, өзгөчө токуз-огуздардын кол салууларына көп кабылган, алар X кылымда бардык түрктөрдүн ичинде эң кубаттуусу деп эсептелинген; токуз-огуздардын көпчүлүгү ханы менен бирге манихей дининде болгон, бирок алардын арасында христиандар, буддисттер жана мусулмандар да болушкан. X кылымда токуз-огуздардын колунда башта карлуктарга таандык Барскан шаары тургандыгын көргөнбүз; андан сырткары Пенчул (окулушу күмөн) шаары, же азыркы Ак-Суу жөнүндө шаар карлуктардын карамагында болгондугу, бирок башкаруучусу токуз-огуздарга көз карандылыкта тургандыгы айтылат; кийин аны кыргыздар ээлеп алган. Ал мезгилде кыргыздар Енисейдин башталышында жашашкан, кытай маалыматтары боюнча ал жакка VIII кылымда эле ар бир үч жылда Кучадан жибек жүктөлгөн араб кербендери жөнөтүлүп турган. Соода алакасы кыргыздарды арабдар, карлуктар жана тибеттиктер менен жакындаштырган; балким, кыргыздар анда токуз-огуздарга каршы күрөштө карлуктардын союздашы катары чыгышкан жана өзүлөрүнүн азыркы мекени болгон Жети-Суунун бөлүгүн ээлешкен. Эмнеси болсо да кыргыздардын негизги массасы Жети-Сууга кыйла кеч көчүп келген. Эгерде кыргыздар Жети-Сууда Караханилер доорунда эле жашашса, анда алар сөзсүз түрдө исламды X же XI кылымда эле кабыл алышмак; бирок, биз кийинчерээк көргөнүбүздөй, алар XVI кылымда эле динсиздер деп эсептелишкен.
 
Акырында, карлуктардын ээликтеринин борбору Чүй өрөөнү да алардын душмандарынын колуна өткөн. 940-ж. айланасында кандайдыр бир «динсиз түрктөр» XI жана XII кылымдарда чоң роль ойногон Баласагун шаарын ээлешкен; X кылымдагы географтардан ал жөнүндө Макдиси259Макдиси гана жазып, аны «чоң, эли көп жана бай шаар» деп атаган. Башка жерде260жерде мен Баласагун Чүй өрөөнүндө тургандыгын далилдөөгө аракеттенгем; бизде анын жайгашкан жери тууралуу так маалыматтар жок. Бул мезгилде Чүй өрөөнүн ээлеген эл болжолдуу түрдө, ошол X кылымда эле Орто Азиянын батыш бөлүгүн бүт өз бийлигинин астына баш коштурган Караханилер сулалесинен чыккандарга окшошуп кетет. Биз эми ошол сулаленин тарыхына өтөбүз.
 
Булактар: Бартольд, Соч., т. II bizdin.kg
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Карлук" булагынан алынды