Семетей: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
[[Манас|Манастын]] уулу Семетей.<br />
 
Манас өлгөндөн кийин анын ордосун талаган бир туугандары Абыке-Көбөштөн качкан энеси Каныкей, Семетейди өз атасы Темирканга Букарга алып кетет. Семетейди иниси Ысмайлыга бала кылып берет. Семетей он экиге чыкканда Каныкей төлгө кылып Тайторуну ат чабышка салат. Ысмайыл Каныйкедин бул кылганына ачууланып Семетейди аттарды тоскону жиберет. Бирок, Семетей өз билгенин иштеп, жанындагы чоролорун көндүрүп Каныйкедин аты Тайторуну сүрөп баш байгени алат. Ошону менен [[Каныкей|Каныкейдин]] төлгөсү оңунан чыгат. <br />
 
Мындан кийин Семетей Сарытазга жоолугуп андан өзүнү кыргыз экендигин билет. Тай атасы менен таякесине таарынып жатып Сарытаздан сөздөрүнүн чындык экендигин айтырып алат. Мындан соң Каныйкеге келип Манастын жомогун угуп Таласка аттанып чыгат. Таласка келип Манастын тайганы Кумайыкты, атаны Желмаянды, Акшумкарды жоолуктурат. Манастын жолдошу акылман [[Бакай|Бакайга]] жоолугуп чоң атасы Жакып кандын кабарын алат. Жакып Семетейди ууландырып өлтүрүүгө аракет кылат, бирок, иши оңунан чыкпай калат. Семетей атасынын асыл мүлктөрүн алып биротоло көчүп келгени Букарга кайтат <br />
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Семетей" булагынан алынды