Аманат: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "1. зарыл учурда (алыс сапарга, соодага, жоокерчиликке, абакка, мал оторлотууга, ж.б. кеткенде) байл..."
(Айырма жок)

9 октябрь 2011, саат 05:33 учурдагы нуска

1. зарыл учурда (алыс сапарга, соодага, жоокерчиликке, абакка, мал оторлотууга, ж.б. кеткенде) байлыгын, буюмун, куралын, малын, үй-жайын, а түгүл үй-бүлөсүн ишенчиликтүү бирөөгө убактысынча таштап кетүү. А. калтырылган кишинин зоболосу гана көтөрүлгөн. Кокустук болсо ага калтырылган буюмдар толугу м-н өткөн. Кокустук болбосо А. достошуунун, сөөктөшүүнүн башаты болгон. 2. кыргыздардын өкүлү же элчиси катары башка элдердин арасында убактылуу жашаган киши. А. 19-к-дын аягында жоюлган.

Маалымат булактары

Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003