Бернштам, Александр Натанович: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Бернштам Александр Натанович (1910, Керчь ш. -1956, Ленинград ш.) – археолог, тарых илиминин докт..."
 
No edit summary
1-сап:
[[File:Бернштам.jpg|100px|thumb|Бернштам Александр Натанович]]
Бернштам Александр Натанович (1910, [[Керчь]] ш. -1956, [[Ленинград]] ш.) – археолог, тарых илиминин доктору (1942), проф. (1946-52). <br>
1933-ж. Ленинград мамл. университетин бүтүргөн. [[Жети-Суу]], [[Теңир-Тоо]], [[Памир-Алай]], [[Фергана]] аймагында археол. иштер жүргүзгөн. Бернштамдын эмгектеринде [[Орто Азия]]дагы, айрыкча Борб. Теңир-Тоо, Памир-Алай, [[Талас]], [[Чүй]] өрөөндөрүндөгү көчмөн элдердин жана уруулардын этногенези, коомдук түзүлүшү, чарбасы, о. эле маданияты менен искусствосунун тарыхы, эпиграфикасы жана нумизматикасы баяндалат. Кыргызстанга арналган негизги эмгектери: “[[Кыргызстан]]дын архитектуралык эстеликтери” (1950), “Чүй өрөөнү”(1950), “Байыркы Фергана” (1951), “[[Борбордук Тянь-Шань]]дын жана Памир-Алайдын тарыхы- археологиялык очерктери” (1952) , “ Талас өрөөнунун байыркы эстеликтери” (1941) ж.б. Эмгек Кызыл Туу ордени, медалдар менен сыйланган.<br>