Бартольд, Василий Владимирович: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
1-сап:
[[File:Bartold_V.jpg|200px|thumb|right|Бартольд, Василий Владмирович]] <br />
 
Василий Владимирович Бартольд 1869-ж. 3(15)-ноябрда Санкт-Петербургда орусташкан немистин үй-бүлөсүндө төрөлгөн; чоң аталары Балтика боюнан чыккан, чоң таятасы лютеран пастору Россияга Гамбургдан көчүп келген. В.В.Бартольддун атасы биржа маклери болгон. 1887-ж. В. В. Бартольд 8-Санкт-Петербург гимназиясын алтын медаль менен бүтүрөт. Ошол эле 1887-ж. Санкт-Петербург университетинин араб-перс-түрк-татар тарамы боюнча чыгыш тилдер факультетине кирет. Студент жылдары В. В. Бартольд араб, перс, түрк тилдерин терең үйрөнгөн, бирок аны Жакынкы жана Ортоңку чыгыш өлкөлөрүнүн орто кылым тарыхы баарынан көп кызыктырган. Университетте В. В. Бартольд түрколог П. М. Мелиоранский (1868—1906) жана жашы, кызмат абалы боюнча канчалык айырмачылык болсо да, мүмкүн болушунча түрколог академик В. В. Радлов (1837—1918) менен жакындашкан. Университетте эле В. В. Бартольд илим-изилдөө иштерине аралашкан. 1889-ж. В. В. Бартольд факультетте «Орто Азиядагы христиан дини жөнүндө» деген чыгармасы үчүн күмүш медалга татыган .