Аверроэс: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "thumb'''Аверроэс Аверроэс''' (Ибн Рушд) (1126—1198) — араб тилдүү аристотелизмдин өнүгүшүн..."
 
No edit summary
4-сап:
 
Аверроэстин көз карашы боюнча материалдык дүйнө түбөлүктүү болуп келген, Кудай да түбөлүктүү нерсе, бирок ал дүйнөнү жараткан эмес. Дүйнөнүн пайда болушунун креационисттик концепциясын четке кагуу менен Аверроэс Кудайды биринчи кыймылдаткыч кагары караган аристотелдик түшүнүктөн баш тартпайт. Ал ошондой эле Кудайга караганда төмөн турган жана асман чөйрөлөрүн кыймылга келтирүүчү күчтөрдүн пайда болушун түшүндүргөн платондук эманацияны да тааныйт. Бытьенин түпкү себеби — Кудай, ал иерархиянын эң чокусунда турат жана ал өзүнөн өзү ой жүгүртө турган ойлом болуп эсептелинет. Материя формалардын туруктуу мүмкүнчүлүгү катарында жашайт, формалар болсо материядан пайда болот: материя менен форма, Аверроэс үчүн бөлүнгүс нерселер жана алар бир бүтүндүктү түзөт. Индивидуалдуу жандар (души) түбөлүктүү эмес, анткени алар дене менен кошо өлөт. Аверроэстин этикасы, адам жакшылыктарды өзүн тиги дүйнөдө Тозок күтүп турганына же Бейиш күтүп турганына карабастан өзү туткан жобого ылайык өзү жаратат деген окууга негизделет.
 
== Маалымат булактары ==
[http://bizdin.kg/books/item/178-philosofy Л.В.Блинников. Философтордун кыскача сөздүгү. Б. 1997]
[[Category:Философия]]
[[Category:Персоналия]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Аверроэс" булагынан алынды