Шабдан баатыр: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "ШАБДАН Жантай уулу (1839, Чүй өрөөнү, Көкжар жайлоосу, азыркы Чүй р-ну Онбиржылга айыл өкмөтү - 1912) - Ч..."
 
мNo edit summary
1-сап:
'''ШАБДАН Жантай''' уулу (1839, Чүй өрөөнү, Көкжар жайлоосу, азыркы Чүй р-ну Онбиржылга айыл өкмөтү - 1912) - Чүй, Кемин өрөөнүндө жашаган са-рыбагыш уруусунун тынай уругунан чыккан манап, са-ясий, коомдук ишмер. Жантай хандын уулу. Жаштай-ынан эле саясий турмушка аралашкан. 1860-жылдын акырында Кокон хандыгынын колбашчысы Канат ша-ага кошулуп, Ташкенге барган. Узунагачтын жанын-дагы орус аскерлерине каршы урушка катышкан. Таш-кен ш-н коргоодо көрсөткөн каармандыгы үчүн Куда-яр хан аны Түркстан ш-нын беги кылып дайындаган. Бироканда иштебей, атасынын таасири м-н орустар-га өтүп, өмүрүнүн аягына чейин ак падышага кызмат өтегөн. Ал Токмоктогу уезддин начальниги ж-а Жети-Шабдан-баатыр суу аскер губернатору м-н тыгыз байланышта болгон. 1868-ж. орус букаралыгына етүүгө каршы чыккан саяк уруусунун манабы Осмондун кетөрүлүшүн басууга катышкан. 1876-77-ж. генерал Скобелевдин алайлык кыргыздарды Россиянын карамагына өткөрүү ишине көмөк көрсөткен. 1878-ж. жигиттери м-н Атбашынын түштүгүндө орустардын чалгындоо отря-дын коштоп жүргөн. Орус падышалыгына кылган кызматы үчүн Шабдан сый-лыктарды алып турган. 1883-ж. ал падыша Александр ІІІнүн тактыга отуруу аземине катышып, аскер старшинасы наамын алган, алтын саат м-н сыйлан-ган. 1884-ж. ага жылына берилүүчү 300 сом пенсия чектелген. 1909-ж. Чоңке-минде жаңы усулда сабак өткөрүүчү медресе салдырган. 65 жашында ажыга -Мекеге барган. Шабдандын емүр баяны, ишмердиги Осмонаалы Сыдыкуулу-нун «Тарых-и кыргыз шадманийа» аттуу 1914-ж. Уфадан басылып чыккан эмгегинде жазылган. Эстелиги Бишкек шаарында жана Кемин шаарчасына орнотулган.
 
[[ru:Джантаев, Шабдан]]