Канай уулу Байтик: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with " Байтик Канай уулу Өткөн тарыхка кылчайып карасак, ар бир учурдун ө..."
 
No edit summary
1-сап:
'''Байтик Канай уулу'''- Байтик "баатыр" аталып, коңшу казак, өзбек элдерине дагы ысмы кеңири тарап, төбөсү көрүнгөн инсан болгон.<br>
Байтик Канай уулу
== Өмүрү таржымалы ==
Өткөн тарыхка кылчайып карасак, ар бир учурдун өзүнүн мыйзамы, салты болуп келгенин тана албайбыз.
Солто уруусунун эл жакшысы учурунда кадыры элге сиңген Байтик Канай уулу жөнүндө да жазганга убакыт келип жетти. "Байтик бала кезинен көзгө урунган, идиреги бар бала болгон экен. Тарых барактарына саресеп салып карасак, Байтик "баатыр" аталып, коңшу казак, өзбек элдерине дагы ысмы кеңири тарап, төбөсү көрүнгөн инсан болгон экен. "Аккан арыктан суу агат" деп айтылгандай, Байтиктин чоң атасы Түлөберди, өз атасы Канай дагы эл аралап атка минер солто уруусунун билерманы аталган.
"Баарын убакыт дарылайт" деп айтылгандай, убакыттын өтүшү менен эмне деген гана өзгөрүүлөр болуп өтпөдү. Бул дүйнөдөгү жашоо сапары карыган адамдардын ордун кийинки муун толуктап, күн өз нугунда айланып өтө берет тура.
Бизге чейин тоолуу аймагыбызда, сууга бай өлкөбүздө кимдер жашап өтпөгөн. Кыргыз тарыхында ысмы калган инсандарыбыздын басып өткөн жолунан кийинки муундарга сабак болсун үчүн үстүртөн баян кылып кетели деген изги ойдо, ушул рубриканы ачтык.
Солто уруусунун эл жакшысы учурунда кадыры элге сиңген Байтик Канай уулу жөнүндө да жазганга убакыт келип жетти. Байтик бала кезинен көзгө урунган, идиреги бар бала болгон экен. Тарых барактарына саресеп салып карасак, Байтик "баатыр" аталып, коңшу казак, өзбек элдерине дагы ысмы кеңири тарап, төбөсү көрүнгөн инсан болгон экен. "Аккан арыктан суу агат" деп айтылгандай, Байтиктин чоң атасы Түлөберди, өз атасы Канай дагы эл аралап атка минер солто уруусунун билерманы аталган.
Өзгөчө Канай ченебеген баатыр болгону али күнчө айтыла калып жүрөт. "Алма сабагынан алыс түшпөйт" дегендей, атанын жолун жолдоп, эл аралаган Байтик бүт Чүй өрөөнүнө өзү ээлик кылып башкарып турганына өткөн мезгил күбө. Учурунда Байтик өзбек менен кыргыз элинин ортосунда болгон жаңжалда чоң эрдик көргөзгөн. Ошондон баштап Байтик деген атына "Баатыр" деген сөз кошулуп Байтик баатыр аталып калган экен.
Байтик баатыр өзүнүн Калыстыгы менен дагы элге алынган. Казактын Кененсары, Норузбай деген эки бир тууган баатыр уулу "кыргыз элин басып алып өзүбүзгө каратабыз" деп кол салганда кызыл тебетей аталган Хан Ормон менен үзөңгү кагыша мекенди коргоп, катылган душмандын мизин кайтарганга салымы чоң болгон.<br>
== Чеберчилиги ==
Кээ бир карылардын айткан сөзүнө таянсак, Байтик баатыр кыргыз элинин келечегине кенен ой жүгүртүп, коңшу элдер менен алака түзүп, баарын тынчтык жолу менен чечкенге аракети күч болгон экен. Жөн бала эл оозуна алынбайт. Тарыхта ысмы калган Байтик баатыр Хан Ормон, Жантайлар менен бат-бат жолугушуп, алар менен пикир алышып турган. Кадимки Сарбагыштын баатыры Субандын уулу Адыл менен бел куда болуп, кызын берген.
Бир күнү Таластан белгилүү жазуучу Чыңгыз Айматовдун кайсы бир чоң атасы келип, үч күн конок болуп өргүп жатып калат. Ал киши койлук эмес, тайлык конок болгондуктан тай союп, дасторконду кенен жайып, чер жазыша сүйлөшүп коноктун сапары карыганда Карабалтага чейин узатып барат да, мерчемдүү жерге жеткенде кош айтышып, артка тартканда абдан өкүнгөн экен. "Кап, болбой калды. Бекер келген экенмин. Мени ээрчип жүргөн жолборс, тиги келген конокту ээрчип кетти. Эми анын тукумунан жакшы уулдар чыгат. Атадан балага ооп келаткан сыймык башкага кетти" деп өкүнүп үйүнө келгенге чейин ат жалын караган тейде эч үнсүз келиптир. Көрсө, баатырдын сыймыгы келген конок менен Таласка кеткен. Бул окуянын чындыкка жакын жагы бар. Чынын айтканда Байтик баатырдан өзүнүн деңгээлинде бала калган жок. Ал эми жолборс ээрчип кеткен коноктон Төрөкул Айматов, Чыңгыз Айтматов өңдүү төбөсү көрүнгөн уулдардын чыкканы чындыктан белги берип тургандай. Эгер биз калыс ой-жүгүртүп карасак, Байтик баатырдын сыймыгы күчтүү болгон үчүн тарыхта ысмы калып, борбор шаарыбыздын чоң көчөсүнө аты берилгени эле эмне деген сөздү айтып турат. Андыктан Байтик өңдүү баатыр уулдарыбызды көңүл сыртына калтырбай эстей жүргөнүбүз улуу иш эмеспи.