Калпак: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м r2.7.1) (робот кошту: bg:Калпак
No edit summary
1-сап:
'''Калпак'''- кыргыздын [[улут]]тук эркек баш кийими.Көбүнчө ак кийизден жасалгандыктан, '''ак калпак''' деп аталган. Ал алгач агыш (боз) кызгылт түстөгү кылчык, кийин ак уяң жүндөн жасалган. Бышык басылгын кийизден төбөсү бийик, этеги тегерек бычылып, оймо-чийме түшүрүлбөй, төбөсүнө чок чыгарылбай, астарсыз, бир гана тигиш менен бириктирилип, ошол жери маңдай жагы деген. Бара-бара бычымы менен формасы өркүндөтүлүп , көркөмдөлө баштаган. Калпак – бул кыргыздардын кийим-кечектеринин ичинен эң ыйыгы. Анын касиетин аны кийип жүргөндөр сезе алышат. Бул байыркы баш кийимди кийген адам илгерки бабаларынын [[тарых]]ына тамырлашып, калайык калкынын тагдырына бекем байланат. Калпак - кыргыздын улуттук көркөм дөөлөттөрүнүн көрөңгөсү. Ата -бабадан кастарланып келе жаткан асыл мүлк. Кыргыз эли эл болуп тузүлгөндөн бери жашоонун, улуулуктун, тазалыктын, улуу күндүн [[символ]]у, ыйык белгиси катары кастарлап, сүр тутуп, сөөлөт санап, көрк катары маанилүү шаң -салтанатка кийип жүргөндүгү жалпы дүйнө элине белгилүү. Кыргыз өмүрү 40- 35 кылымга созулса, кыргыз калпагынын өмүрү да дал ошондой, узак уламалуу [[санжыра]].

=='''Калпак жөнүндөгү элдик макалдар'''==
Калпакчанды өлтүрүүгө болбойт..
Калпакты жерге койбо..
Калпагыңды жоготсоң, башыңды жоготосуң..
Калпагыңды сатсаң, акылыңды сатасың.
Калпакчан жүрсөң оорубайсың; калпак кышкысын жылытат да, жайкысын сергитет.
Түнкүсүн калпагың ар дайым бут жагыңда эмес, баш жагыңда болсун.

=='''КАЛПАК ЖАСОО ЫКМАСЫ'''==
Калпакты ак кийизден жасайт. Формасы да ар урууду ар башкача жасалган. Калпактын кийизине уяң ак жүндү жууп- тазалап, тытып, андан соң гана пайдаланган. Кийиз даяр болгондон кийин көркөмдөлүп бычылып, кийин кыркылып алынат. Бычымдарды бири-бирине беттеп тиккен. Оюлуп алынган кийиздин кырларын ак, кара, көк, жашыл [[тукаба]]дан, [[чийбаркыт]]тан, [[сатин]]ден, [[макмал]]дан, [[баркыт]]тан, [[кыжым]]дан кыюу коюп тигип чыккан. Калпактын кырына коюлган түстүү кыюулар адамдын жаш өзгөчөлүгүнө болгон: Балдардын калпагынын кыюусу кызыл, жашыл кездемеден; Жигиттердин калпагынын кыюусу – көк кездемеден; Азаматтардын, орто жашка чейинкилердин калпагынын кыюусу – күрөң, кара кездемеден; улгайып калган карыялардын, аксакалдардын калпагынын кыюусу – ак же ала кездемеден жасалган. Кийинчерээк калпактын турдүү формасы бычылып, бооруна оймо, түр салынып, өзгөчө кооздоп тигиле баштады. Азыркы күндө калпакты синтафондон да жасашат. Бул материалдан жасалган калпактын баасы кийизден жасалган калпакка салыштырмалуу бир топ арзан. Бирок сапаты жана пайдалуугу жагынан табигый жүндөн жасалган калпакка жетпейт.

=='''КЫРГЫЗ КАЛПАГЫНЫН СИМВОЛИКАСЫ'''==
''А) Калпактын төбөсүндөгү кайчы сызык (кошуу формасындагы ):''

1. Күндүн аян белгиси.

2. Өмүрдүн, тиричиликтин, жалпы жашоонун символу.

''Б) Төбөсүндөгү топ чачы:''

1. Тукумдун, тамыры тереңге жайылуунун аян белгиси.

2. Тынчтыктын, жаркын турмуштун, токпейил жашоонун символу.

3. Күлгун жаштыктын, оттуу курактын аян белгиси.

Ал эми калпактын төбөсүн басып же түшүрүп кийүүнүн тарыхы уламышка барып такалат. [[Чынгыз хан]]дын тун уулу Жөчүнүн аскерлеринин өзөгүнкыргыздар түзгөн. Жөчү да [[кыргыз]]га таянып, атасынын айрым буйруктарынан баш тарткан. Согушта дайыма чон чабуулдун учунда, алгы сапта болгон. Ошол себептүү Жөчү ар дайым женишке жетишип турган. Жеңишке текеберсинген Жөчү каяша айта баштаганда Чыңгыз хандын жашыруун буйругу менен Жөчү хан кан чыгарылбай өлтүрүлгөн. Жөчүнун оң колу болуп турган кыргыз жоокерлери туш тарапка тараган. Чыңгыз хан бул баш тартууну угуп, бүтүндөй кыргыздарды чаап талкалап, тирүүсүнө салык салып басынткан. Менден бир белги болуп калсын деген Чыңгыз хандын буйругу менен анын жоокерлери кыргыздардын калпагынын төбөсүн басып, ичине капшыртып койгон: Дал ошондон бери кыргыз калпагынын төбөсүн түшүрүп, ичине капшырып, басып кийип калган делет.

Төбөсү түшкөн белги:

1. Баш көтөрөөр эр бүлө үйдө жок калды. Кимдин бийлиги күчтүү болсо, ошонун үйүтүндө, үйрүсүндө болом деген аян белги.

Элдеги “Төбөңдөн ургур!”, “Төбөң түшүп калгыр!”, “Төбөң түшкүр!”, “Төбөң түшкүрдүкү” – деген сыяктуу каргыш сөздөр да ошондон калган.

2. Калпактын оң кыргагын басып кийсе (төмөн түшүрүп же шыпырып) аялынан (эгер эркек үй бүлөлүү жан болсо), ата- энеден, зор дөөлөттөрдөн айрылуу белгиси, аяны деп эсептелген.

3. Калпактын сол ныптасы көтөрүлбөй төмөн шыпырылып (оң кыргагы төмөн каралып жапырылса) өтө күчтүү аза күтүү аян белгиси. Анда айылдын, элдин куттуу баатырынан тектүүсүнөн, кадырман аксакалынан айрылып, аза күтүү аян белгиси.

4. Калпактын төбөсүн түшүрүп, эки кырын тең терең жапырып (шыпырып) кийсе: “Мен кулак кести кул катары жүрөмүн. Артымдан издеп алаар каруу – күч калбады”, деп жедеп, тукулжурап, мүңкүрөп, мөгдөп калуунун белгиси.

5. Калпактын кыры менен кырбуусундагы манат, баркыт, чый баркыт сыяктуу кездемелердин кара, көк, кызыл, күрөң түсү жаш өзгөчөлүгүн билдирсе, көбөөлөнгөн кыргактын өзү - таяныч, өбөк, жөлөк колдоонун ыйык символу.

[[Category:Кыргыз кол өнөрчүлүгү]]

"https://ky.wikipedia.org/wiki/Калпак" булагынан алынды