Федченко Алексей Павлович: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "ФЕДЧЕНКО Алексей Павлович (1844, Иркутск – 1873, Альп тоолору Монблан мөңгүсү) – орус табият таануу..."
(Айырма жок)

26 ноябрь 2011, саат 09:59 учурдагы нуска

ФЕДЧЕНКО Алексей Павлович (1844, Иркутск – 1873, Альп тоолору Монблан мөңгүсү) – орус табият таануучусу, Орто Азияны изилдөөчү.

Билими

1864-ж. Москва мамлекеттик университетин бүтүргөн.
1868–71-ж.

Ишмердүүлүгу

Заравшан, Фергана, Алай өрөөндөрүн, Кызылкум чөлүн, Түштүк Теңиртоону изилдеген. Биринчилерден болуп Гисар-Алай тоо системасынын картасын түзгөн.
Ф-нун Түштүк Кыргызстанга жасаган саякаты боюнча жазган каттары м-н макалаларынан (1869–71) ордодогу бийлик үчүн күрөш, ферганалык (сохтук) кыргыздардын оор абалы жөнүндөгү маалыматтарды табууга болот.
1871-ж. Ф. Ворухтан кайтып келатып, Алай тоо кыркаларынын түндүк-батышы м-н, Сох дарыясынан өтүп, Исфайрамга, андан ары Теңизбай ашуусу аркылуу Ф. ушуга чейин европалык окумуштуулардан эч ким көрө элек Алай тоо кыркаларына көтөрүлгөн. Алай кырка тоосу деп Ф. атаган.
Бул аталыш азыркы күнгө чейин сакталып келе жатат.
Окумуштуу Теңизбай ашуусунан түштүк-чыгыш тарапта абдан чоң чоку (Ленин чокусу) бар экенин көргөн.
Теңизбай ашуусунан ашып түшүп, Ф-нун отряды Алай өрөөнүнүн флорасын ж-а фаунасын изилдеген.
Алай өрөөнүнөн Кичиалай өрөөнүнө өтүп, Акбууранын жогорку агымы м-н Ош, Өзгөн, Анжиян, Наманган аркылуу Ташкенге келген. Ф. түзгөн Теңиртоо-нун жана Памирдин орографиялык схемалары белгилүү немис географы А.Гумбольддун түзгөн схемасынан айырмаланып, так түзүлгөн, Орто Азиянын өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө бай маалымат калтырган.

Эмгектери

Ф-нун негизги эмгектери ал өлгөндөн кийин «Түркстанга саякат»(«Путешествия в Туркестан») деген ат м-н басылып чыккан.
Памирдеги эң чоң тоо мөңгүсүнө Ф-нун ысмы берилген.

Колдонулган адабияттар

Кыргыз тарыхынын энциклопедисы Б,2003