Күн- 1)сутканын жарык бөлүгү; Күн чыккандан батканга чейинки убакыт. Күндүн узактыгы ал жердин [[География|география]]лык кеңдигине жана жыл мезгилине жараша болуп, күндүн жантайышына карата өзгөрөт. 2) Сутка , башкача айтканда узактыгы 24 саатка барабар мезгил. Апта ичиндеги күндөрдүн аттары: дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, ишемби, жекшемби. 3) [[Жер|Жер]] жана башка планеталар арасында тегеренип жүрүүчү, өзүнөн жарык нур, жылуулук таратып, негизги жана [[Борбор|борбор]]дук планета катары эсептелинүүчү асман телосу; өтө ысык плазмалуу шар. [[Химия|Химия]]лык составы:суутек 90%тей, гелий10%, калган элементтери 0,1%тен аз. Күн энергиясынын булагы – Күндүн борбордук бөлөгүндө суутектин гелийге айлануусу болуп саналат: анда температура 10млн. градустан ашык болот. Күн [[Атмосфера|атмосфера]]сы (хромосфера жана күн таажысы) өтө кыймылдуу, анда хромосфералык жарк этүүлөр, протуберанецтер байкалат, планета аралык мейкиндикке таажы заттары таралып турат. (күн шамалы). Жер Күндөн 150млн км аралыкта турат. Күн жердин географиялык кабыгында , биосферада, магнитосферада өтүүчу бүт процесстер үчүн энергиянын негизги булагы болуп саналат. <br>