Эфталиттер: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''''Эфталиттер''''' - х и о н и т т е р, а к г у н н д а р –5–6-к-дагы Орто Азия, Ооганстан, Түндүк-Батыш И..."
(Айырма жок)

14 декабрь 2011, саат 15:26 учурдагы нуска

Эфталиттер - х и о н и т т е р, а к г у н н д а р –5–6-к-дагы Орто Азия, Ооганстан, Түндүк-Батыш Индия ж- а Чыгыш Түркстандагы уруулардын шарттуу бирикмеси. Э-дин теги Чыгыш Иран урууларынан деп эсептешет, бирок алардын арасында башка этностук бирикмелер болушу мүмкүн. Бир катар изилдөөчүлөр Э-дин негизги аймагы катары Тохарстанды ж-а Чыгыш Ооганстанды эсептешет. Э. бирикмесин шаар маданиятынын таасирине кабылган жоокер уруулар түзгөн. Э. 5-к-дын башынан сасанилерге каршы күрөшүп, аларды салык төлөөгө мажбурлашкан. 460-ж. Түндүк Индиянын батыш бөлүгүн басып алууга аракеттенишкен. Э. бирикмеси 6-к-да инди, сасани, түрк урууларынын соккусу астында кыйраган. Тохарлар б. з. ч. 2-к.–1-миң жылдында Орто Азияда, Бактрияда жашаган эл. Бул аймак алардын атынан Тохарстан деп аталган. Т. грек, араб жазма булактарында тохар, инди даректеринде тукхара, кытай жылнамааларында – ту-ху-ло, тибет жазмаларында – тхогар деп аталат. Т-дын теги инди-европалык элдер м-н байланыштуу. Тохарлар чыгыш иран тилинде сүйлөшкөн. Грек алфавитине негизделген жазуусу болгон. Орто Азияга б. з. ч. 140-ж. келишип, айрым чыгыш иран уруулары м-н бирдикте б. з. ч. 130-ж. Грек-Бактрия падышалыгын кыйратышкан. Б. з. ч. 128-ж. Парфияга басып киришкен. Бактрияда б. з. ч. 2–1-к-да Т-дын беш уруусу жашаган. Болжолу б. з. ч. 1-к-дын аягы – б. з. 1- к-нын башында жогорку уруулардын бири кушандардын жол башчылыгы астында Кушан падышалыгын түзүшкөн. Ушул мезгилден Т-ды кушандар деп аташат. Айрым окумуштуулар Т-ды Орто Азиянын түндүк- чыгышынан Бактрияга келишкен жергиликтүү калк деп да божомолдошот. Себеби, алар Орто Азияга келгенден кийин иран тилине өтүшкөн. Дагы бир ой-пикир б-ча Т. ж-а юэчжилер массагеттердин бир бутагы болгон.[1]

Колдонулган адабияттар

  1. А.А. Асанканов, Кыргыз тарыхы: Энциклопедия, Бишкек, 2003 ISBN 5-89750-150-5