Алай тоо кыркасы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
[[File:13.PNG|250px|thumb|right|Алай, Кырка тоо]]Алай, Кырка тоо - Алай–Түркстан тоо системасына кирет. Кеңдик багытта 350 кмге созулуп жатат. Орточо жазылыгы 70– 80 км (Фергана өрөөнүнө чейин), эң бийик жери 5539 м (батышында Тамдыкул чокусу). [[Тоо]] орографиялык жактан кескин айырмаланган 3 бөлүктөн турат. Батыш бийик бөлүгүндө тоонун түндүк капталы [[Кыргызстан|Кыргыз Республикасына]] карап, негизинен Сох д-нын алабын камтыйт; мында бийик чокулуу мөңгүлөр арбын. Кыры аска-зоокалуу келип, 4500–5000 м бийиктиктен жогору жатат. Тоонун түндүк капталы жазы (60–70 км), терең капчыгайлуу өрөөндөр (Кожашкан, Сох жана башкалар) менен тилмеленип, Жетикөл (бийик чокусу – 4079 м), Коргон (5100 м), Кулдуктоо (5016 м), Куруксай (5147 м), Тескей (3690 м) тоо тармактарынан турат. Ортоңку бөлүгү Исфайрамсай, Акбуура, Талдык (түндүгүндө), Кызылсуу (түштүгүндө) сууларынын алабын камтып, ири мөңгүлөр (Егоров, Дугов, Ливинский, Федченко, Гезарт, Агарт, Сарымогол, Кайыңды) жайгашкан. Кыры аскалуу, негизинен 4300–4600 м бийиктикте жатат.
 
Тоонун түндүк капталы (жазылыгы 70– 80 км) Фергана өрөөнүнө жантайыңкы, баш жагында терең капчыгайлуу кенен өрөөндөр (Кичи Алай, Сурматаш, Исфайрамсай, Шаймерден жана башкалар) арбын. Түндүгүндөгү тоо тармактары: Коллектор (эң бийик жери – 5259 м), Кичи Алай (4933 м), Актөр (4501 м), Жоожатты (4048 м), Гаузан (3273 м), Ярунтуз (3670 м), Олоконтоо (4629 м), Талдык (4237 м), Текесекирикбел (2913 м) жана башкалар Түш капталы Алай өрөөнүн карай тик түшөт, кыска (10–15 км); кокту-колоттор, майда капчыгайлар, Текелик (эң бийик жери 5727 м), Каратепе (3794 м) сымал тармактары бар. Чыгыш жапыз бөлүгү Куршаб, Көксуу (Чыгыш), Алайкуу-Тар сууларынын алаптарын ээлейт. Мында мөңгүлөр азайып, чокулары жапыздайт да түндүк-чыгышта Какшаал–Фергана тоо тоомдоруна такалат. Кыры 3900–4300 м бийиктикте жатып, капталдары тик; кыска жана терең капчыгайлуу ири өрөөндөрү [Гүлчө, Көксуу (Чыгыш), Алайкуу жана башкалар], Теректоо (эң бийик жери 4767 м), Көкбулак (4039 м), Алайкуу (4733 м) сымал тоо тармактары бар. Алай кырка тоосу генезистик тиби боюнча горст-антиклиналь; герцин бүктөлүүсүнөн пайда болгон. Батыш жана ортоңку бөлүктөрүнөн тоого жарыш жаткан, чыгышынан түштүктөн түндүккө багытталган тектон. жаракалар өтөт.