Алабуга, өрөөн: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
Алабуга, өрөөн-<br><br>
[[Ички Теңиртоодо]].Алабуга суусун бойлоп, [[Фергана]] тоо тизмеги менен [[ Жаман-Тоо]] тутумдашкан тушта [[Бычан]] жана[[ Арпа]] сууларынын кошулган жеринен түндүк.-чыгышты карай созулуп жатат. Батыш тарабынан[[ Акшыйрак]],[[ Чаар-Таш]] тоолору менен чектешет. Уз. 60 км, эң жазы жери 2–4 км. Таманы деңиз деңгээли 1600–2070 м бийиктикте жайгашкан. Жамандаван суусунун чатынан 5 км төмөнүрөөк өрөөн түндүк.-батышка бурулуп, Нарын өрөөнүнө чыгат. Алабуга суусу терең сайда агат, жээктери көбүнчө тик, кемерлүү. Өрөөндө узатасынан созулган тектирлер бар, алар негизинен төртүнчүлүк мезгилинин аллювий, [[аллювий-пролювий]] шилендилеринен, айрым жерлерде түпкү тектерден түзүлгөн. Өрөөндүн көп бөлүгүнө чополуу чап рельефи мүнөздүү. Чаптуу[[ рельеф]] Алабуга суусунун эки өйүзүндө теңкеңири өөрчүгөн, батыш тарабында Ак-Шыйрак, [[Чаарташ]] тоолорунун этегинде ондогон кмге созулат. Карст процесстери өөрчүгөн. Чаптар неогендин чопо, конгломерат, кумдук, гипс ж. б. тектеринен түзүлгөн. Өрөөн аркылуу Алабуга суусу агат. А.өрөөнүнүн климаты кургакчыл, кескин континенттик. Жайы жылуу, июлдун орт.
температурасы 15–16°С, кышы узак, суук, январдыкы —15...–20°С. Жылдык жаан-чачыны 200–300 мм, бийик бөлүгүндө 400ммге чейин. Кышкысын 4–5 ай кар жатат (калыңдыгы 15–20 см), өрөөндө жарым талаа ландшафттары кеңири таралган. Түзөң жерлерде, тектирлерде, тоо этектеринде боз шыбактуу, шыбак- шор өсүмдүктүү чөл[[ ландшафты]] басымдуу. Ачык коңур же бозомтук күрөң топурактуу, шор топурак да кездешет. Суулардын боюнда, жайылмаларда тал, терек,бадалдар, шалбаа ж. б. өсөт. Чап аймагы өсүмдүктөргө өтө жарды, жылаңач. Мында бирин-серин терскен, баялыш, кекире, эбелек ж. б. өсүмдүктөрү кезигет. Адырларда, нымдуураак жантайыңкы тоо капталдарында шыбак-бетегелүү же коңур күрөң топурактуу, кылканактуу дүйүм чөптүү талаа ландшафты таралган. Сугат жерлерде арпа, сулу, беде, эспарцет, буудай эгилет. Суусуз бош жаткан жерлери жайыт катары пайдаланылат. Алабуга. аркылуу[[ Баетов]] — [[Кош Дөбө]] —[[ Казарман]] авто жолу өтөт. Алай-Куу өрөөнү—[[ Алай-Куу]] (батыш), [[Терек]] (түштүгү.) жана[[ Фергана]] (түндүгү.) тоолору менен курчалган бийик тоо өрөөнү. Уз. 75 км, туурасы 15 км. Орточо. бийиктиги. 2300 м, жеринин бети тоолуу келип, түндүк батышты көздөй жантайыңкы. Борбордук бөлүгү жайык. Дөңсөөлүү түзүлүштөгү талкаланып тегизделген жондор, чөкмө тектер менен капталган байыркы түздүктөр, жарыш жайгашкан кырлар жана өрөөндөр мүнөздүү. Негизинен[[ бор]] жана[[ юра]] мезгилинде пайда болгон тоо тектерден түзүлгөн. Көмүрдүн кени бар. Климаты континенттик. Июлдун орточо температурасы 15,7°С, январдыкы –17,9°С. Жылдык-чачыны 300–500 мм. Суулары:[[ Балгынды]], [[Кашка-Суу]], [[Карагатты]],[[ Сабажарды]], [[Кайыңды]], Казык, Акбогус [[Терек]] ж.б.Көлдөрү: