Ленин чокусу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
1-сап:
[[File:Alpinizm.jpg|200px|thumb|right|Ленин атындагы чоку]].
Чоң Алай кырка тоосунун борбордук бөлүгүндөгү эң бийик чоку. <br />
Кыргызстан менен Тажикстандын арасында. Бийиктиги боюнча (7134 м) Кыргызстандагы [[Жеңиш чокусу|Жеңиштен]] кийин экинчи, КМШдагы 3-чоку. Кырка тоонун чоку көтөрүлүп турган аймагы кар мөңгү менен капталган. Кар чеги түндүгүндө 4200 м, түштүгүндө 4500 м бийикте. Түндүк капталынан Корженевский (уз. 19,5 км), Ленин атындагы (9,5 км) жана Каман (8,1 км), түштүгүнөн Чоң жана Кичи Суукдара (25,2 ж-а 13,1 км) мөңгүлөрү башталат. Чокуга альпинисттерден 1-болуп, 1934-ж. В. Абалаков, К. Чернуха жана И. Лукин чыккан.
== Колдонулган адабияттар ==
*Кыргызстандын географиясы / Мамлекеттик тил жана энцклопедия борбору. Кыргызстандын географиясы, Бишкек-2004. ISBN 9967-14-006-2
[[category:география]]
[[category:Кыргыз таанууу]]