Жууку, тоо: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Жууку, Тоо – Тескей Алатоонун түндүк тармагы. Жууку жана Барскон сууларынын аралыгында 35–38 км..."
(Айырма жок)

17 декабрь 2011, саат 05:19 учурдагы нуска

Жууку, Тоо – Тескей Алатоонун түндүк тармагы. Жууку жана Барскон сууларынын аралыгында 35–38 кмге созулуп жатат. Туурасы 15–17 км. Орточо бийиктиги 3900– 4300 м, эң бийик жери 4671 м. Кыры асказоокалуу жана мөңгүлүү, түндүк капталы Ысыккөл өрөөнүн көздөй тигирээк түшөт; Чоң жана Кичи Жаргылчак, Актерек, Чычкан сууларынын өрөөндөрүндө терең капчыгайлар бар. түштүк-чыгыш капталы Жууку капчыгайына тик түшөт.

Тоо негизинен соңку рифейдин гранит-диорит, порфирит жана гнейстүү диорит интрузия тектеринен түзүлгөн. Тоонун түндүк капталына шалбаалуу талаа (2300–2400 м бийиктикке чейин), шалбаалуу токой (карагай; 2400–2800 м), субальп жана альп шалбаасы жана шалбаалуу талаа (2900–3300 м), андан жогору бийик тоо тундрасы, талаа жана гляциалдык-нивалдык, түштүк капталына негизинен шалбаалуу токой, субальп жана альп шалбаалуу талаа ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт; токой чарбалары бар.

Колдонулган адабияттар