Итагар, тоо: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Итагар, тоо – Талас Алатоосунун түштүк тармагы. Итагар, Арым, Чоң Чычкан сууларынын ([[[[Нарын|На..."
(Айырма жок)

17 декабрь 2011, саат 06:24 учурдагы нуска

Итагар, тоо – Талас Алатоосунун түштүк тармагы. Итагар, Арым, Чоң Чычкан сууларынын ([[Нарындын]] оң куймалары) аралыгында батыштан түштүк-чыгышка 28– 30 кмге созулуп жатат. Туурасы 7–9 км. Орточо бийиктиги 3400–3600 м, эң бийик жери 4086 м. Кыры аска-зоокалуу жана мөңгүлүү, түштүкчыгышты карай жапыздайт. Капталдары тик (40–50°), тар капчыгайлуу, кокту-колоттуу. Негизинен төмөнкү палеозойдун порфириттүү гранит, гранит-диорит интрузия жана метаморфизмделген тектеринен түзүлгөн.

Шалбаалуу талаа жана шалбаа-бадалдуу талаа (2800– 2900 мге чейин), субальп жана альп шалбаалуу талаа, сейрек бетегелүү талаа (3300–3400 м бийиктикке чейин), андан жогору кар-мөңгүлүү ландшафттары мүнөздүү. Жайкы жайыт.

Колдонулган адабияттар