Кабак, кырка тоо: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Кабак, кырка тоо - Ички Теңиртоодо. Жумгал жана Миңкуш (Муңкуш) тектон. өрөөндөрүн бөлүп турат. Уз..."
(Айырма жок)

17 декабрь 2011, саат 06:25 учурдагы нуска

Кабак, кырка тоо - Ички Теңиртоодо. Жумгал жана Миңкуш (Муңкуш) тектон. өрөөндөрүн бөлүп турат. Узундугу 40 км, эң жазы жери 16 км. Орточо бийиктиги 3390 м, эң бийик жери 4144 м (Кашкасуу чокусу). Негизинен гранит-диорит жана гранит интрузия тектеринен турат. тоодон таш көмүр кени чыгат (к. Каракече көмүр кени). Чыгышы бийик, зоокалуу, капталы тик, жонунда мөңгү бар; батышы жапыздап ашууга өтөт.

Талаа жана шалбаалуу талаа (2400–2500 м), карагай-бадалдуу шалбаа (2800–2900 м), субальп жана альп шалбаасы жана сейрек бетегелүү талаа (3300– 3500 м), андан жогору субнивалдык жана нивалдык-гляциалдык ландшафттар мүнөздүү. түндүк-чыгыш капталында (Каракеченин ичинде) карагайлуу токой массивдери кездешет. Жайыт.

Колдонулган адабияттар