Казык тоолор, тоо: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Казык тоолор, тоо – Алайкуу кырка тоосунун тармактары; бири бирине жарыш жаткан үч тоодон (Чоңк..."
(Айырма жок)

17 декабрь 2011, саат 06:26 учурдагы нуска

Казык тоолор, тоо – Алайкуу кырка тоосунун тармактары; бири бирине жарыш жаткан үч тоодон (Чоңказык, Ортоказык жана Кичиказык) турат. Көксуу жана Теректоо тоолорунан башталып меридиан багытында созулуп жатат. Жалпы Узундугу 30 кмдей. Орточо бийикт. 3500 м, эң бийик жери 4800 м (Манастынээри). Капталдары негизинен жантайыңкы.

Ойтал чуңкурдугунда тик, аскалуу. Түндүктөн түштүктү карай бийиктейт. Айрым жерлерде аскалуу жана муз доорунда талкаланган моноклиналдуу жарыш жаткан кырлар, тектирлүү беттер мүнөздүү. Ортоңку бөлүгүндө байыркы мөңгүлөрдүн издери байкалат. Көксуу жана Терек тоолорунун кошулган бөлүгүндө мөңгүлөр (Манастынээри, Аюутапан, Музтаг жана башкалар) бар. Негизинен субальп жана альп шалбаалары (2800–3900 м бийиктикте), кармөңгүлүү ландшафт алкактары мүнөздүү. Токой да кездешет. Жайыт.

Колдонулган адабияттар