Капкантоо, тоо: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Капкантоо, тоо – Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш тармагы. Байбиче жана Чытты сууларынын (Ж..."
(Айырма жок)

17 декабрь 2011, саат 06:28 учурдагы нуска

Капкантоо, тоо – Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш тармагы. Байбиче жана Чытты сууларынын (Жазы суусунун оң куймалары) аралыгында. түндүк-чыгыштан түштүк-батышка 24 кмге созулуп жатат. Орточо бийиктиги 2800– 3100 м, эң бийик жери 3398 м. Кыры тайпак, капталдары тик жана кыска, Байбиче жана Чытты сууларынын өрөөндөрүнө караган беттери кокту-колоттуу, капчыгайлуу. тоонун түштүк-батыш бөлүгү Жазы жана Чытты сууларынын өрөөндөрүнө аска түрүндө тик түшөт.

Негизинен юра мезгилинин кумдук, гравелит, аргиллит, конгломерат тектеринен турат. Көмүр кендери бар. Шалбаалуу талаа жана бийик чөптүү шалбаа (2700– 2800 м бийиктикке чейин), шалбаалуу токой (жаңгак, арча, бадалдар 2900–3000 мге чейин), субальп жана альп шалбаасы жана шалбаалуу талаа (3200–3300 мге чейин) ландшафт зоналары басымдуу. Жайыт. Токой чарбалары бар.

Колдонулган адабияттар