Каражорго, тоо: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Каражорго, тоо - Ички Теңиртоодо. Түндүгүнөн Каракужур өрөөнү, түштүгүнөн Кичи Каракужур, Солто..."
(Айырма жок)

17 декабрь 2011, саат 06:31 учурдагы нуска

Каражорго, тоо - Ички Теңиртоодо. Түндүгүнөн Каракужур өрөөнү, түштүгүнөн Кичи Каракужур, Солтонсары, батышынан Сарыбулак сууларынын өрөөндөрү менен чектешет. Кеңдик багытта 66 кмге созулат. Туурасы 12 км. Орточо бийиктиги 3600 м, эң бийик жери 3853 м. Айланасындагы өрөөндөрдөн салыштырмалуу бийиктиги чыгышында 380 м, батышында 800 м. К. т. горст-мегантиклиналдык түзүлүштө. Батыш бөлүгү неогендин аягы төртүнчүлүк мезгилинин башында, ал эми чыгыш жагы төртүнчүлүк мезгилинде көтөрүлгөн (бул бөлүгү палеоген менен неогендин кызыл түстүү тектери менен капталган). Кырына байыркы тайпаң жерлер мүнөздүү.

Майтөр суусунун башында байыркы тайпаң жерлер 3400 м бийикте жатат, ал чыгышты көздөй 3000 мге чейин жапыздап, батышты карай айрым жерлери 3800 мге чейин көтөрүлөт да кайра 3000 мге чейин жапыздайт. түндүк капталы узун жана жантайыңкы, түштүк капталы кыска. түндүк капталында тепши сымал өрөөндөр да кездешет. Кокту-колоттуу, сайлуу келип, Аккыя (3495 м), Кашкасуу (3627 м), Чамындыжылга (4414 м), Жалпакбел (3300 м) сымал ашуулары да бар. К. т. негизинен ордовиктин интрузия (гранит, гранит-диорит) жана протерозойдун метаморфизм (мраморлошкон, доломиттешкен акиташ теги, филлит, кумдук, алевролит, диабаз, туф) тектеринен түзүлгөн. 3100–3800 м бийиктикке субальп, шалбаалуу-талаа, түндүк капталына альп шалбаа ландшафт алкактары мүнөздүү. Чарбада жайыт катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар