Каракаман, тоо: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Каракаман, тоо - Ички Теңиртоодо. Жылуусуу (чыгышында) жана Каракужур (батышында) сууларынын ара..."
(Айырма жок)

17 декабрь 2011, саат 06:31 учурдагы нуска

Каракаман, тоо - Ички Теңиртоодо. Жылуусуу (чыгышында) жана Каракужур (батышында) сууларынын аралыгында субкеңдик багытта жатат. Каракаман суусу аны экиге бөлөт. Узундугу 56 км, туурасы 14 км, Орточо бийиктиги 3860 м, эң бийик жери 4343 м. Чардаксуу жана Каракаман сууларынын өрөөндөрүнөн салыштырмалуу бийиктиги 1000 м. К. т. горст-мегантиклиналдык түзүлүштө. Неогендин аягында, төртүнчүлүк мезгилдин башталышында көтөрүлгөн. Батыш Каракамандын капталдары асимметриялуу: түндүк капталы тик, кыска (2,5 км), түштүгү жазы (3–15 км), Чыгыш Каракаман симметриялуу түзүлүштө. Тик капталдуу тепши сымал өрөөндөр арбын.

Байыркы тайпаң жондор 4000–4200 м, батышында 3600 м бийиктикте кездешет. Тепши сымал өрөөндөрдүн башы (түндүк капталы) мөңгүлүү. Кар чегинин бийиктиги 4000 м бийиктен өтөт. Негизинен үстүнкү протерозойдун филлит, кумдук, алевролит, кварцтуу порфирит; соңку рифейдин гранит-диорит жана гранит тектеринен түзүлгөн. 3000–3500 м бийикте кылканактуу-шыбактуу кургак талаа, 3500– 3800 мде субальп шалбаалуу талаа, 3800 мден жогору альп шалбаасы, гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт.

Колдонулган адабияттар