Каракүнгөй, тоо: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Каракүнгөй, тоо - Ички Теңиртоодо. Тескей Алатоонун түндүк-батыш тармагы. Улакол – Семизбел өр..."
(Айырма жок)

17 декабрь 2011, саат 06:32 учурдагы нуска

Каракүнгөй, тоо - Ички Теңиртоодо. Тескей Алатоонун түндүк-батыш тармагы. Улакол – Семизбел өрөөнү менен Каракүнгөй (Кочкордун оң куймасы) суусунун аралыгынан орун алган. Кочкор жана Тоң р-ндорунун аймагында. Узундугу 22 км, туурасы 7 км. Орточо бийиктиги 3700–3800 м, эң бийик жери 4081 м. түндүк-батыштан түштүк-чыгышка карай бийиктеп, курчап жаткан өрөөндүн таманынан 1200–1300 м көтөрүлүп жатат.

Кыры чыгышында аскалуу, айрым жерлеринде мөңгү кездешет, капталдары тик жана кыска; батышында тайпагыраак, капталдары жантайыңкы. тоодон Каракүнгөй, Борке, Сарытөр суулары (Улаколдун сол куймалары) башталат. Негизинен палеозойдун башталышында пайда болгон кумдук, алевролит, сланец тектеринен туруп, айрым жерлерин ордовиктин гранит, гранит-диорит интрузия тектери жиреп чыккан. Кургак талаа жана майда бадал аралашкан талаа (2600 м бийиктикке чейин), шалбаалуу талаа (2600–2900 м), субальп жана альп шалбаалуу талаа (2900–3500 м), андан жогору нивалдык-гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт.

Колдонулган адабияттар