Мамбеталиев, Көкөбай: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
31-сап:
Туулганы - 1913, [[Кочкор району]], Дөң-Алыш айылы - өткөнү 1976, ошол эле жер. Педагог.
==Наамдары, сыйлыктары==
Социалисттик Эмгектин Баатыры (1968), [[Кыргыз ССР|Кыргыз ССРинин]] эмгек сиңирген мугалими (1964). <br>
==Ишмердиги==
1951-жылы Каракол шаарындагы Мугалимдер институтунун табият-географиялык факультетин бүтүргөн. 1930-36-жылдары өз айлындагы, 1937-41-жылдарда [[Сузак району|Сузак]], [[Кара-суу району|Кара-Суу райондорундагы]] мектептерде, 1941-61-жылдарда Кочкор районундагы Кызыл-Дөбө, Талаа-Булак мектептеринде мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, директор, 1961-76-жылдарда Талаа-Булак орто мектебинде [[Биология|биология мугалими]] болуп иштеп, анда [[Зоология|зоология музейин]] уюштуруп, 1000дей экспонат жыйнаган. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери, медалдар менен сыйланган. Ысымы Талаа-Булак орто мектебине ыйгарылган.
==Агай тууралуу ар кыл баалар==
Көкөбай агай эч качан, эч кимге жаман айтпаган өтө сылык адам болгон. Сабакка келатканда ушундай ачык жүз менен жайдары абалда келээр эле.