Алайкуу, кырка тоо: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
 
No edit summary
1-сап:
Алайкуу, кырка тоо - Түштүк-Батыш Теңиртоодо. Чыгышынан [[Фергана]] тоо тизмеги, батышынан Көксуунун алабы, түндүгүнөн Алайкуу өрөөнү, түштүгүнөн Карачал тоосу менен чектешет. Эркеч, Сабажарды, Туюккайыңды, Көлкайыңды, Айрыташ, Кыздар, Кемпир, Бооралбас жана Үчказык айрыктарынан турат. Узундугу 70 км, эң жазы жери 45 км. Орточо бийиктиги 4190 м, эң бийик жери 5300 м (Манастынээри чокусу).
#REDIRECT [[Алайкуу, кырка тоосу]]
 
Рельефи татаал, тоо тармактары тектон. жаракалар менен бөлүнгөн. Тармактары батыш тарабында узун (15–20 км), чыгышында кыска (5–10 км), капталдары жазы жана айдөш. Негизинен палеозой менен бор мезгилиндеги акиташ теги, сланец, бир аз гранит, мрамор, конгломерат жана башкалар тектерден түзүлгөн. Азыркы мөңгүлөр Кыздар, Кашкасуу, Манастынээри, Ойбала, Эркеч, Акечки жана Көлкайыңды тоолорунда кездешет. Шалбаалуу талаа, токойлуу шалбаа, токой, субальп, альп шалбаасы, 3900 м бийиктиктен жогору гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Кырка тоолор жайкы жайыт.
 
== Колдонулган адабияттар ==
* [http://www.bizdin.kg/elib/kitepter/pdf/geogr_ensclp.pdf Кыргызстандын географиясы] ISBN 9967-14-006-2 <br>
 
[[Category:Кыргызстан]]
[[Category:Кыргыз таануу]]
[[Category:Илим]]
[[Category:География]]
[[Category:Баткен облусу]]
[[Category:Дүйнө]]
[[Category:Борбордук Азия]]
[[Category:Тоо]]
 
[[Category:Түштүк Кыргызстан]]
 
[[Category:Тумар-2011]]